Биз менен байланышыңыз

Абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн пара алууга шек саналган жетекчи кармалды

Кыска кабар | 26 Июл 2024 | 437 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  билдиргендей, Жалал-Абад маданият техникумунун жетекчиси Т.А.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталды.

23-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад маданият техникумунун жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда ал УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM