Биз менен байланышыңыз

Парижде Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот

Кыска кабар , Спорт | 26 Июл 2024 | 528 | 0

Бүгүн, 26-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да Франциянын борбору Парижде XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт.

Кыргызстандан барган команданын желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.

Кыргызстандын атынан 16 спортчу барат. Алардын ону грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча балбандар, эки спортчу дзюдо боюнча, дагы эки спортчу сууда сүзүү боюнча, бир спортчу бокс боюнча, бир спортчу жеңил атлетика боюнча катышат.

Олимп оюндарында 200дөн ашык мамлекеттен 10 миң 500 спортчу катышып, 329 комплект медаль ойнотулат.

Олимпиаданын ачылышына катышуу үчүн президент Садыр Жапаров Парижге барды.

Париж Олимпиадасы: Кыргызстандык дзюдочулардын атаандаштары белгилүү болду

Copyright © 2017 Maral FM