Биз менен байланышыңыз

Париж Олимпиадасы: Кыргызстандык дзюдочулардын атаандаштары белгилүү болду

Кыска кабар | 26 Июл 2024 | 539 | 0

Кыргызстандык дзюдочулар Эрлан Шеров (90 кг), Кубанычбек Айбек уулунун (66 кг) жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун Париждеги Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандаштары белгилүү болду.

25-июлда Парижде чүчү кулак тартылып, анын жыйынтыгы менен Шеровдун биринчи атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва болду. Шеров таймашты 1\16 финалдан баштайт. Ал 31-июлда килемге чыгат.

Дагы бир кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 1\16 финалдагы алгачкы кармашында украиналык Богдан Ядов менен күч сынаша турган болду. Ал беттешке 28-июлда чыгат.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу биринчи беттешин 1\8 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы Куба өлкөсүнүн мушкери Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван болот. Мунарбек беттешин 28-июль күнү өткөрөт.

Мындан сырткары, суучул Денис Петрашов биринчи болуп 27-июль күнү 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат.

Кыргызстандык спортчулардын Олимп оюндарындагы мелдештеринин графиги

Copyright © 2017 Maral FM