Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык спортчулардын Олимп оюндарындагы мелдештеринин графиги

Кыска кабар , Спорт | 23 Июл 2024 | 329 | 0

Жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кыргызстандык спортчулардын мелдештеринин графигин жарыялады.

27-июль күнү саат 15:00дө 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү мелдешине Денис Петрашов чыгат.

28-июль күнү дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге Кубанычбек Айбек уулу чыгат, 1/32 финалдын башталышы саат 14:00дө. Мунарбек Сейитбек уулу чыга турган 1/16 финалдык беттештин башталышы саат 15:00дө.

31-июль күнү дзюдо боюнча Эрлан Шеров саат 14:00дө 1/32 финалдын башталышы.

3-август 50 метрге эркин сүзүү боюнча Елизавета Печерских —  башталышы саат 15:00.

5-август күрөш Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) — 1/8 финалдын башталышы 19:00;

Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) — саат 19:00дө 1/8 финалдын башталышы.

6-август күрөш Акжол Махмудов (77 кг чейин) — 1/8 финалдын башталышы 15:30;

Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) — 1/8 финалдын башталышы 15:30.

7-август күрөш — Амантур Исмаилов (67 кг чейин) — 1/8 финалдын башталышы 15:30.

8-август күрөш — Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин) — 1/8 финалдын башталышы 15:30.

9-август күрөш — Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) — 1/8 финалдын башталышы 15:30;

— Айаал Лазарев (125 кг чейин) — 1/8 финалдын башталышы 15:30.

10-август күрөш — Эрназар Акматалиев (65 кг чейин) — 1/8 финалдын башталышы 15:30;

— Айпери Медет кызы (76 кг чейин) — 1/8 финалдын башталышы 15:30.

11-август жеңил атлетика – кыз-келиндер марафону — Сардана Трофимова — чуркоо 12:00 башталат.

Олимпиадалык оюндар 24-июлда башталып, 11-августта аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM