Биз менен байланышыңыз

Кипр: Коронавирус жуктурган туристтер акысыз дарыланышат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2020 | 648 | 0

Кипр өкмөтү өлкөдө эс алып жүрүп коронавирус жуктуруп алган туристтердин дарылануусуна кеткен каражатты төлөп берет. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Ага ылайык, өкмөт коронавирус жуктурган туристтер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн тамак-аш, дары-дармек үчүн акча төлөйт. Бирок, буга транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана туристтердин үйлөрүнө кайтып келүү чыгымдары кирбейт.

Чет элдиктер бир мезгилде 100 бейтапты кабыл ала турган атайын ооруканада дарыланат. Бейтапкана 200 жасалма дем алуу аппараттары менен жабдылган.

Бул учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана алар менен байланышта болгон башка адамдар 500 бөлмөлүү «карантиндик мейманканада» жашай алышат.

Copyright © 2017 Maral FM