Баткен облусуна бардыңыз беле? Ал жактагы кандай кооз жерлерди билесиз? Баткен дегенде эле көпчүлүктүн көз алдына Айгүл гүлү элестери анык. Бул ирет биз Баткен облусунун Лейлек районундагы көз жоосун алган, көрүүгө арзый турган кооз жер Каравшин тууралуу баяндап берүүнү чечтик.
Сөз кылган жер — Баткенден түштүк-батышка карай 60 чакырым аралыкта, Түркстан тоо кыркаларынан орун алган Каравшин капчыгайы. Бул жер акиташ, гранит, кумдуу, таштуу, асман тиреген жана абдан кооптуу аскалары менен даңкталат.
Альпинисттер арасында бул жер Азиялык Патагония катары белгилүү, анткени, Түштүк Американын Патагониясына түспөлдөш, айрым бөлүгү да ал жактын талааларын эске салып, жөө жүрүшкө эң ылайык. Баса, бул жерде башка аймактардан айырмаланып, Фергана өрөөнүнө түз аккан тоо дайраларынан улам аба ырайы жагымдуу жана жылуу. Аймакта башына дейре чыгууга боло турган тоо чокулары бар: Пирамида калыбындагы чоку (5509 метр), Асан (4230) жана Үсөн (4378). Бул кырка тоолор Кыргызстан менен Тажикстанды бөлүп турат.
Каравшин капчыгайына сапар алгандар алгач Баткендин өзүнө келип, андан күн батыш тарапка Сары-Жаз жайлоосуна унаа жол менен барат. Бул жерде түнөп, эртеси ат, эшек менен Каравшинге жол алат. Ал жакка карай автожол жок, аралык 40 чакырымды түзөт.
Бул жерде өлкө ичине караганда сырттан келүүчү альпинисттер менен туристтер көптүк кылат. Айрыкча Орусия, Европа мамлекеттеринен көп келишет.
Туристтер менен байланышып, аларды аэропорттон тосуп алып, кайра аэропортко жеткирип койгонго чейинки кызматты аркалаган “Вatken travel service” компаниясынын директору Жунусбек Каразаков туризмдин бул тармагы боюнча айтып берди.
− Биздин компания 2008-жылдан бери иш алып барат. Негизги кардарларыбыз – чет мамлекеттен келген туристтер. Биз жылына 80-90 же 100гө чейин туристтерди кабыл алабыз. Негизги биздин туристтер – бул альпинизм менен алектенгендер. Калгандары жөн гана жерибизди көрүп келген туристтер. Биздин компания туризмге керектүү болгон ар кандай кызматтарды көрсөтөт.
-Негизинен туристтер кайсы өлкөлөрдөн келишет? Сиздер менен кантип байланышка чыгышат?
— Алар бизди Facebook сыяктуу соцтармактардан, web сайттар аркылуу табышат.
Бул жерди жакшы билген альпинисттер катары Орусиядан, Европа өлкөлөрүнөн: Франция, Италия, Чехия, Германия, Испаниядан жана АКШдан келишет.
Биз аэропорттон тосуп алып, алып чыгып, чатырларды тигип, 3 маал тамагын берип, кайра алып келебиз. Анын ичинде коопсуздугу дагы каралат. Туристтер негизи жайында — июль, август айларында келишет.
Биринчи Каравшинге алып барабыз, андан соң Ак-Сууга алып барабыз, ошентип уланып кете берет. Азиаттык Патагония сыяктуу атайын картасы бар, ошону менен багыт алып жүрөбүз.
-Туркомпания ачуу идеясы кайдан келди?
-Бул компанияны ачуунун себеби, ошол жерде СССР альпинисттеринин жарышы болгон. Ошол жерге чыккан альпинисттерди, туристтерди көрүп, мен дагы ушул стилдеги жашоого өтөм деп ачкам. Туризм тармагы ошондон кийин башталды.
-Бул жакка туристтерди тартууда кандай кыйынчылыктарга туш болосуздар?
— Кыйынчылыктарга кайрылсак, бизде облус боюнча куткаруучу вертолёт жок. Ушул нерселер менен дагы камсыздалса, туристтердин саны көбөйөт. Облустун өзүндө болсо, жакшы болот. Болбосо, ар бирине Бишкектен чакырууга туура келет.
Мисалы, жүктөрүнө түшүп келе жатып бир адам буту менен чалынып, жыгылып кеткен. Бир күн ичинде Ошко ооруканага араң жеткенбиз. 5,6 жолу таш менен башы жарылган учурлар дагы болгон. Ушул сыяктуу окуялар бизде болуп турат. Эгерде куткаруучу тик учак болсо, коопсуздугу дагы да ишеничтүү болуп, туристтер көбүрөөк келишмек.
1980-жылдардан бери альпинисттер менен кызматташып, туристтерди кабыл алып, алар менен чогуу иштешкен Өзгөрүш айлынын тургуну, аталган айылдагы орто мектепте кыргыз тили мугалими болуп эмгектенген Рускулов Токтобай керемет чокулардын аталыштарын айтып берди.
Каравшин (таж. геревшин) бийик тоолуу, мол суулуу деген маанини берет.
Искендер тоосу – 5600 метр бийиктикте. Искендер аттуу адам 1949-жылы тоонун чокусуна чыккан экен. Альпинисттер кийин барса, тоонун чокусунда Кыргыз Искендер деген жазуу пайда болгон экен. Тоонун башы өтө бийик болгондуктан, ал жакка жөнөкөй адамдар чыга алчу эмес. Анын кантип чыкканы дагы деле белгисиз. Бул тоо чек арада тургандыктан ар жагында Тажикстан менен чектешет.
Асан-Үсөн тоолору окшош бийиктикте тургандыктан, ошентип аталып калыптыр.
Ак-Суунун болсо суусу шаркырап, таштан-ташка урулуп, көбүктөнүп аккандыктан, аппак көрүнөт.
Кара-Сууда суу жай аккандыктан, астындагы таштары дат баскандай кара болуп көрүнүп турат. Ошондуктан Кара-Суу аталып калган.
Туристтерди тейлеп жүргөн Өзгөрүш айылынын дагы бир тургуну Бекболот Арап уулунун айтымында, айрым туристтер ал жактын аба ырайын көтөрө албай калышы да мүмкүн.
− Бизге көбүнчө чет өлкөдөн келишет. Алар 8-10 күн жүрүшөт. Өздөрүнүн картасы болот, бул аралыкта алар тоону жалпы айланып түшүшү керек. Келгенден бир күн эс алат. Кийинки күнү айланып чыгып кетишет.
Келгендер менен көп эле кызыктуу, өзгөчө окуялар болот. Былтыры Германиядан мектепти жаңы бүткөндөр келди. Алар бул жактын аба ырайына көнө албай кыйналышты. 2 күн жүрүп, аэропортко жеткирип койдук, кайра кетишти. Бул жактын абасы өтө эле таза болгондуктан, айрымдарга күчтүүлүк кылат экен.