Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Даараткана маселесин мамлекет өз мойнуна алышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2020 | 877 | 0

Кыргызстанга туристтер негизинен эки багыт — табият жана маданият туризми боюнча келип жатышат. Бул тууралуу мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Туристтер табият үчүн келип, маданият менен жуурулушат. Кыргыз элинин меймандостугу, бири-бирине жардам бергени туристтерди таң калтырат. Мейманканалардын деңгээли бир аз да болсо көтөрүлүп келе жатат. Бирок мамлекет тараптан берилип жаткан жардам биз ойлогондой эмес. Мамлекеттин колунда даараткана кура турган жер жок. Жер болсо да, анын статусун өзгөртүү канча маселе… Бюрократиялык айрым жагдайлардан улам көп иштерди жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк болбой калды», — деди Жаманкулов.

Ал даараткана маселесин мамлекет өз милдетине алышы керектигин белгиледи.

Экс-министрдин айтымында, өлкө боюнча даараткана курууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Туризмди баалоодо дааратканалар маанилүү индикатор.

Жаманкулов мындан сырткары, ички туризм боюнча маркетинг жакшы болбогондуктан, коомчулук чет жакка барууну артык көрөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM