Биз менен байланышыңыз

«Ысык-Көлдө туризмдин 3 түрүн өнүктүрсө болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2021 | 852 | 0

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө туризмдин 3 түрүнө абдан чоң басым жасалышы керек. Мындай оюн мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биринчиси, ден соолук туризми. Ысык-Көлдү тегерете карап көрө турган болсок, минералдык суу чыккан булактар абдан көп. Ошол булактарда жакшы бир отелдер пайда болушу керек. Дубай же башка мамлекеттерди карап көрсөңүз, ошол минералдык сууларды Дубайда башка мамлекеттен самолёт менен ташып келип, отелдерине булак куруп, анан ага туристтерди чакырып атат.  Бизде болсо, андай суу күнү-түнү чыгып турат. Биз бүгүнкү күнү ошону пайдалана албай, инвестиция тарта албай жатабыз.

Экинчиси, спорт туризми. Ысык-Көлдүн абдан уникалдуу табияты бүгүнкү күндө спортсмендерге өзгөчө бир шартты түзөт. Дүйнө жүзүндө чоң-чоң курама командалар өзүнүн машыгуусун башка мамлекеттерде жасашат, ошого шарт түзүп берген мамлекеттерде. Ошондой чоң курама командаларды Кыргызстанга алып келип машыктырабыз десек, анда жакшы спорт мейманканалары керек. Табияттын шарты бизде абдан уникалдуу. Советтер Союзу учурунда дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларга катышкан спорттук курама командалар Ысык-Көлгө келип машыкчу. Бүгүнкү күндө Европа мамлекеттеринин, Азия мамлекеттеринин, өзгөчө Борбордук Азия мамлекеттеринин курама командаларын Ысык-Көлгө алып келип машыктырып, ошол туризмди өнүктүргөнгө бардык мүмкүнчүлүгүбүз бар. 

Үчүнчүсү, конференц-туризмдер. Дүйнө жүзүндө чоң-чоң конференциялар, саммиттер жылып-жылып, башка өлкөлөрдө өтүп жаткан учурлар бар. Ошону Ысык-Көлгө тартууга да бардык мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал үчүн жана айткандай, жакшы конференц залдары бар мыкты отелдерибиз болушу керек. Тамчыга учуп келип, 3 күн конференция өткөрүп, кайра учуп кеткенге шарт түзүшүбүз керек», — деди экс-министр.

Copyright © 2017 Maral FM