Биз менен байланышыңыз

Каракол шаары КМШнын маданий борбору болот

Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 597 | 0

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаары Душанбеден расмий түрдө эстафетаны өткөрүп алды. Ал 2022-жылы КМШнын маданий борбору болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Эстафетаны өткөрүп алуу аземи үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында С. Айни атындагы Тажик мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында болуп өткөн. Иш-чарада «Душанбе – КМШнын маданий борбору-2021» жылынын жабылыш аземи да орун алган.

Маданий борборлордун максаты кызматташтыкты өнүктүрүү жана Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн маданий потенциалын бириктирүү болуп саналат.

Эске салсак, КМШ мамлекет башчыларынын 2020-жылдын 18-декабрындагы чечими менен Каракол шаары КМШнын 2022-жылдагы маданий борбору болуп жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM