Биз менен байланышыңыз

Жапаров расмий сапар менен Душанбеге жөнөп кетти (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 858 | 0

Президент Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрүндө расмий сапар менен Түркмөнстанда болду. Расмий сапардын биринчи күнү Мамлекет башчысы өлкөнүн туңгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана «Turkmenbashynin Ruhy Metjidi» (Түркмөнбашынын Рухий мечити) мечитине зыярат кылды.

Андан кийин Садыр Жапаров Түркмөнстандын Эгемендик монументине гүлчамбар коюп, ошол жердеги Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузду.

Ошону менен бирге президент Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүн көрүп чыгып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышына катышты. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда ар кыл тармактарда кызматташуу жөнүндө бир катар макулдашууларга кол коюлду.

Расмий сапарынын экинчи күнү президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин тет-а-тет форматында жана кеңейтилген форматта талкуулашты.

Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Мындан тышкары, эки өлкөнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын жыйынтыктап, Тажикстандын Душанбе шаарына расмий сапары менен жөнөп кетти.

Copyright © 2017 Maral FM