Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө Президенттин Кубогу үчүн көк бөрү оюндары башталды

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 438 | 0

Ысык-Көл облусунда Президенттин Кубогу үчүн көк бөрү оюндары башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Оюн 23-31-август аралыгында Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өтөт.

Эскерте кетсек, оюн Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эгемендиктин 30 жылдыгына карата өлкө аймагында өтө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM