Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө өрттөн эки наристе чарчап калды

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 588 | 0

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 14-сентябрда турак үйдүн короосундагы чөп күйгөн. Өрттүн кесепетинен эки наристе чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жерине өрт өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 15:00дө өрт чектөөгө алынып, саат 17:45те толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт кырсыгынын кесепетинен 2017-жылы жана 2015-жылы туулган кыз жана бала каза болгон.

Жалпысынан 600 түк чөп күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM