Биз менен байланышыңыз

Орусиянын «Листвяжная» шахтасында дагы 13 адамдын сөөгү табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 1016 | 0

Орусиянын «Листвяжная» шахтасында дагы 13 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу «РИА Новостиге» Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү билдирди.

«Бир сутка ичинде өзгөчө кырдаал болгон аймакта 83 тоо куткаруучусу иш алып барды. Алар 1,7 чакырымдан ашык мурда изилденбеген кен иштерине чалгындоо жүргүзүштү. Каза болгон 13 адамдын сөөгү табылды», — деген өкүл.

Эске салсак, 25-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 7.30дар чамасында Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында ири жарылуу болгон. Жер астында эмгектенген 285 жумушчунун 46сы, жардамга барган 6 куткаруучу каза таап, 49 адам ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. Дагы 35 жумушчу издөөгө алынган.

Кырсык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Байкоосуздуктан адам өлүмүнө алып келген кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шахтаны иштеткен компаниянын директору, орун басары, участканын башчысы камакка алынган. Орусия башкы прокурорунун орун басары Дмитрий Демешиндин айтымында, кырсыкка метандын жарылышы себеп болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM