Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын кайрылуусу боюнча Орусияда кармалган Досматов тууралуу элчилик үн катты

Кыска кабар | 1 Мар 2022 | 1539 | 0

Тажикстандын кайрылуусу боюнча Орусияда жүргөн Кыргызстандын жараны Замирбек Досматовдун кармалганына байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги үн катты.

Ушул жылдын 23-февралында Тажикстандын кайрылуусу менен Москва шаарынын милициясы тарабынан Кыргызстандын жараны Замирбек Досматов кармалган.

25-февралда Элчиликтин кызматкери милиция бөлүмүнө барып, анын кармалганын аныктаган.

Бар болгон маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жараны Тажикстандын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда Орусиянын аймагында болгон. Кыргызстандын жараны Замирбек Досматовго карата козголгон кылмыш ишинин бурмаланганын, ошондой эле ага кылмыш жасаган деген айыптын негизсиздигин жана мыйзамсыздыгын тастыктай турган документ түрүндөгү ырастоо күтүлүүдө.

Элчилик тарабынан Кыргызстандын жараны Замирбек Досматовдун укуктарын коргоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM