Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан Орусиядагы миграция мыйзамын мурда эле сүйлөшүп койсо болмок»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Фев 2022 | 734 | 0

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү болгондуктан Орусиядагы мигранттарга карата жаңы мыйзамдар анчейин катаал болбошу керек эле. Мындай пикирин «Замандаш» ассоциациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Майрамбек Жапанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул маселелерге тиешелүү органдар жетишерлик иш алып барган жок. Жаңы мыйзамдар кабыл алынары былтыр жай мезгилинде эле бегилүү болгон. Ошол учурда алдын ала коңгуроо кагып, маселени кабыргасынан койгондо, мынчалык курчуп кетмек эмес.

«Бизде адаттагыдай эле маселе чыгып, каттуу резонанс болгондо гана тиешелүү органдар чуркап, кыймылдай баштайт. Маселе буга чейин белгилүү болгондо бир топ иштерди жасап, алдын алса болот болчу», — деди Жапанов.

Анын божомолунда Орусия мындан ары мыйзамдарды жеңилдетүү эмес, дагы да катаалдаштыруу аракетин көрүп баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM