Биз менен байланышыңыз

«Дан келишиминин» айланасындагы кырдаал Кыргызстанды кыйгап өтөбү?

Экономика | 31 Окт 2022 | 1120 | 0

29-октябрь күнү Орусия Украина менен түзүлгөн “Дан келишиминен” чыкканын билдирди. Анын себебин Орусия Кара деңиздеги аскердик флотунун кемелерине жасалган чабуул менен байланыштырып жатат. Бул келишимден чыгуу кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал? Кыргызстанга таасири тиеби?

Орусия жарыялаган “дан келишиминен” чыгуу чечими Кара деңиздеги аскердик кемелерге жасалган чабуулга байланыштуу экенин билдирди. Коргоо министрлиги ага чейин Кара деңиздеги аскердик флоттун жана жарандык кемелерге жасалган чабуулду “Укрина британиялык адистер менен бирге ишке ашырган террордук акт” деп айыптаган.

Июль айында кол коюлган келишимге ылайык, украин данын Кара деңиз аркылуу экспорттоо үчүн Орусия коридор ачып бермей болгон. Кремль Украина учкучсуз аппараттар аркылуу кемелерге жасаган чабуулун дал ушул коопсуз коридор аркылуу ишке ашырганын жүйө келтирип жатат.

Бирок муну Украина президенти Владимир Зеленский “ойдон чыгарылган” деп атап, “Орусия дүйнөнү ачарчылык менен опузалап жатат” деп айыптады.

Зеленский 30-октябрдын кечинде жасаган билдирүүсүндө Эфиопия ачарчылыктын чегинде турганын, бул өлкөгө дан азыктары жүктөлгөн кемелер Кара деңизде Орусиянын тоскоолдугунан улам өтө албай жатканын билдирди.

“Кара деңиз портунда БУУнун программасы боюнча кезектеги жалданган кемелер жүктөлүп турат. Бул тамак-аштан кыйналып, өзгөчө кырдаалда турган Эфиопия үчүн 40 тонна дан өндүрүмүн ташыган кемелер. Эфиопия ачарчылыктын кырында турат. Орусия дүйнөнү оор тамак-аш кризисине кептеп жатат. Батыш Африкадан Чыгыш Азияга чейинки өлкөлөрдө азык-түлүктүн кымбатташына күнөөлүү бир гана Орусия болот”, – деди Зеленский.

Владимир Зеленский Орусия жөнөкөй келишимдерди аткарбай жаткан учурда тынчтык келишими тууралуу ойлонууга мүмкүн эместигин кошумчалады.

БУУнун атайын өкүлүнүн орун басары Фархан Хак Орусия менен суйлөшүп, келишимден чыкпоого чакырып жатканын билдирди. Ал Африка менен Азиянын жакыр өлкөлөрү ачарчылык коркунучуна кептелиши мүмкүн экенин эскертти.

Бул коркунуч Кыргызстанды кыйгап өтпөйт дегендер менен бирге, ЕАЭБге мүчө мамлекете катары таасир этпейт дегендер да бар.

Саясатчы Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, алгач Украина Африкага жеткирилүүчү дандын көбүн Европага жөнөтүп, келишимди бузган. Орусиянын акыркы чечими аргасыздыктан кабыл алынып, эми орус даны дүйнөгө экпорттолушуна шарт түзүүнү талап кылат.

“Украина чыгарып жаткан буудайды Африкага жибербей эле 80 пайызын Европага жиберип жатты. Келишим боюнча жакыр өлкөлөргө жиберилет деген сүйлөшүү бар болчу. Анын үстүнө дан ташыган кемелерден учукучсуз аппараттар менен орустардын аскердик кемелерине чабуул жасаганда баарынын ачуусу да келет. Эми Орусия аны шылтоо кылып “соода” кылат, “биз бир гана шарт менен макул болобуз: орус данына жол ачып бергиле, биз экспорттойбуз” деген шарт коет. Чоң мамлекеттин мындай чечимин туура деп эсептейм”.

Кадырбеков бул таңкыстык Кыргызстанга олуттуу таасирин тийгизбей турганын, бул кризис Латын Америка, Африка өлкөлөрүнө чоң таасир берип, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУга мүчө мамлекет катары Кыргызстан кырдаалды кыйгап өтөрүн кошумчалады.

Кара деңиздеги гуманитардык коридорду түзүү келшиминен баш тарткан соң, Орусиянын айыл-чарба министри Дмитрий Патрушев жакыр өлкөлөргө 500 миң тонна буудай экспорттоого даяр экенин билдирди.

Бирок азырынча Батыш мамлекеттери киргизген санкциялардан улам Орусиянын кемелери экспортко чыга албайт. Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Алмаз Тажыбайдын айтымында, Орусия өзүнөн чыккан данды экспортоо үчүн бардык тараптан жолдор жабык.

Талдоочу Орусия кол коюлган келишимден баш тарта албай турганын айтат:

“Орусия келишимден баш тарта албайт. Жөн эле оюн болуп атат. Азыр тигилер ташыганды уланда берсе, кемесине бир снаряд түшө турган болсо Орусияга дагы кысым күчөйт”

Дүйнөдө кымбатчылык болуп турган чакта Орусиянын мындай кадамдары Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койбойт. Өлкө дан азыктарын импорттогон негизги мамлекет болгон Казакстандагы абалга жараша баа өсүшү мүмкүн.

Экономист Кубан Чороев быйыл дүйнөдө азык-түлүктүн тартыштыгы бар экени жана кымбатчылык күтүлгөн нерсе экенин айтат. Ал дан тартыштыгы байкалып турган чакта орус-украин чатагы абалды курчутарын белгиледи.

“Биз негизги импортту Казакстандан кылабыз. Эгерде казак бийлиги кандайдыр бир чечимдерди кабыл алып, экспортко чектөөлөрдү киргизсе, анда бизде ундун кымбатташы күтүлөт. Негизи азык-түлүк кризиси, дандын тартыштыгы күтүлгөн эле нерсе болчу. Азыркы Орусиянын чечими ошол күтүлгөн кырдаалды күчөтүп атат”

Данды экпортоодо Украина дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Ал Орусия кол салган февраль айынан бери данды мурдагыдай экспорттой албай, таңкыстыкка учураган.

Бирок 22-июлда Түркия жана БУУнун ортомчулугунда Стамбул шаарында Орусия менен Украина дан өсүмдүктөрүн экспорттоо боюнча келишимге кол койгон.

Анда Украина Түркия жана БУУнун алдында милдеттенмелерди алып, документке кол койсо, Орусия да Түркия жана БУУнун алдында өзүнчө жоопкерчилик алып кол койгон. Украина муну Орусия менен бир келишимге келе албастыгы менен түшүндүрүп, жетишкен келишимдерди аткарбай келгенин айыптаган.

БУУнун маалыматы боюнча бул келишимден кийин Украинадан дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө 9 млн тоннадан ашык өндүрүм экспорттолуп, “Дан келишими” дүйнөдө 100 млн адамды ачарчылыктан сактап калган.

Copyright © 2017 Maral FM