Биз менен байланышыңыз

Жети күндө Кыргызстанга 3,5 миң орусиялык келди

Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 517 | 0

21-сентябрдан баштап Кыргызстанга Орусиянын 3 миң 526 жараны каттоодон өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын сегиз айында Кыргызстанда Орусиянын 170 миң 3 жараны каттоодон өткөн.

Ал эми өткөн жылдын ушул эле аралыгында Кыргызстанда Орусиянын 141 миң 323 жараны катталган.

Интернет булактарындагы маалыматтарга ылайык, Орусиядан акыркы 4 күндүн ичинде 260 миң жараны чыгып кеткен. Ал эми 10 миң жараны өз ыктыяры менен аскер бөлүктөрүнө барышкан.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM