Орусия президенти Владимир Путин 21-февралдын кечинде кайрылуу жасап, Кремлдин Луганск жана Донецк эл республикаларын тааный турганын жар салды. Украина бийлиги бул чечимди өз мамлекетинин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу катары кабыл алды.
Бүгүн аталган элдик республикалар менен Орусиянын ортосунда достук, кызматташтык жана жардам берүү тууралуу келишим түзүлдү. Ага ылайык, Донецкте жана Луганскта тынчтыкты орнотуу максатында Орусиянын куралдуу күчтөрүн киргизүү мыйзамдаштырылды.
Украинанын Бириккен күчтөрүнүн расмий маалыматы боюнча акыркы суткада 17 жолу ок атылып, анын 14үндө Минск келишиминде тыюу салынган 112 миллиметрдик калибрдеги артиллериялык система, миномёт, гранатомёт, пулемёт колдонулган.
АКШ Орусиянын мындай аракетин кескин айыптап, көз карандысыз Украина өлкөсүнө кол салуу катары баалады. Буга жооп катары зор экономикалык санкциялар күтүп турарын эскертти. Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен жана Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель Путиндин 2 аймактын көз карандысыздыгын таануусун «эл аралык укукту одоно бузуу» деп атады.
АКШ, Батыш өлкөлөрү, Атлантика альянсы (НАТО) катаал санкцияларды киргизсе, Кыргызстанга кандай таасир бере турганы да күн тартибиндеги маселе. Moody’s эл аралык рейтинг агенттиги Украинадагы жагдайдан улам Орусияга киргизилиши мүмкүн болгон санкциядан жабыр тарта турган өлкөлөрдү атап, тизмеге Кыргызстанды да кошкон.
Саясатчы Равшан Жээнбеков Орусияга каршы санкциялардын кириши менен Кыргызстанда да кымбатчылык болушун божомолдоду.
— Санкциянын киргизилиши менен биринчи кезекте нефти менен газдын баасы кымбаттайт. Бул кымбатчылык тамак-ашка, кийим-кечеге да таасир берет. Орусия Батыштан капитал ала албай калса, ири банктарга чоң сокку болот. Орусиядагы облигациялар сыртка сатылбай калат. Жыйынтыгында, капитал кымбаттайт. Бул көрүнүш мигранттардын айлыгына таасир берип, акча которуулардын азайышына алып келет.
Орусиянын мындай аракети Кыргызстан жана айрым КМШ өлкөлөрү үчүн геосаясий «коңгуроо» болуп жатат. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул агрессиялык тышкы саясат Кыргызстандын эркин чечим кабыл алуусун чектейт деген ойдо.
— Орусия «биз менен бирге болмоюнча өз алдынча өнүгө албайсыңар» деген агрессивдүү тышкы саясат жүргүзүп жатат. Кыргызстан Кремлге көз карандылыгын азайтам десе, башка ири держава менен өнөктөш болушу керек. Бирок Батыш менен кызматташууда Орусия кандай тоскоолдуктарды көрсөтүшү белгилүү болуп турат. Ошол себептен демократиялык жолду тандап, Орусиянын агрессивдүү таасиринин алдындагы өлкө катары башка модель менен өнүгө алабызбы? Муну мамлекет да, коом да ойлонуп, чечим чыгарышы керек.
Эл аралык мамилелер боюнча адис Медербек Саидов Орусия Луганск, Донецк аймагын республика катары таанууну ишарат кылып, Кыргызстан макулдугун берсе, оор кесепетке туш болорун эскертти.
— Эки аймакты көз карандысыз республика катары таануу менен эл аралык аренада кымбатка түшүп калышыбыз мүмкүн. Инвестиция тартууда зыянга учурайбыз. Себеби биз чоң инвестицияларды, эл аралык донорлорду да Батыш өлкөлөрүнөн издеп жатабыз. Ансыз деле Кумтөрдөн кийинки инвестициялык климатыбыз жакшы эмес.
Германиянын канцлери Олаф Шольц «Түндүк агым-2» газ куурун азырынча ишке киргизбей турганын жар салды. Немис бийлигинин мындай чечимине Орусиянын эки аймакты көз карандысыз республика катары тааныганы себеп болду. Шольц Кремлге каршы санкция киргизүүдө башка тармактагы кызматташуулар да каралып чыгарын айтты.
«Түндүк агым» долбоору Орусиянын Европага газды экспорттосу үчүн курулган. Анын бир бөлүгү Украинанын аймагы аркылуу өтөт. Кремль Киевге болгон көз карандылыктан арылуу максатында «Түндүк агым-2ни» куруп жаткан. Курулуш иштери аягына жакындап, учурда Германия сертификациялоо ишин жүргүзүп жаткан эле.
Улуу Британия Орусиянын 5 банкына жана 3 бай адамына каршы санкция киргизе турганын айтты. Ошондо эсептеги акчалары тоңдурулат жана аны өлкөдөн чыгарып кетүүгө тыюу салынмакчы.
АКШ да саясий-экономикалык, соода тармагында оор санкцияларды киргизүү максаты бар экенин жарыялады.