Биз менен байланышыңыз

УКМК: ӨКМдин Ош башкармалыгында коррупциялык фактылар аныкталды

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 475 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгындагы коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалым болгондой, тиричилик буюмдарын жана курулуш материалдарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгында жалпысынан 576 миң сомго «Тасма-Групп» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылган.

Бирок келишим түзүлгөндөн кийин башкармалыктын башчысынын орун басары, милициянын майору М.Н. демилгеси менен «Тасма-Групптун» директору А.у.Э. акча каражатын накталай алып, ортомчулук кызматы үчүн пайыздарды алып салгандан кийин башкармалыктын башчысы полковник Ш.Н.Жга берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды жашыруу максатында башкармалыктын башчысынын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча курулуш-тиричилик материалдарын жасалма кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларында далилденген.

Бул иштин негизинде ушул жылдын 30-ноябрында Ош гарнизондук Аскердик прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM