Биз менен байланышыңыз

Чүйдө кафе өрттөнүп, эки адам каза тапты

Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 530 | 0

Бүгүн, 14-декабрда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында кафе өрттөнүп, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өрт кароолканадан чыгып, үжөрөдөгү эки адам каза тапкан.

Таңкы саат 6:30да жерине барган өрт өчүрүүчүлөр 6:50дө толук өчүрүп бүтүшкөн.

Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM