Биз менен байланышыңыз

Тигүү цехинен чыккан өрттөн төрт жашар кыз каза болду

Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 949 | 0

Бишкек шаарынын Ленин районунун Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цехтен чыккан өрт саат 13:26да чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 4 жашар кыз каза болгон. Учурда аты-жөнү такталууда. Өрттүн аянты болжол менен 125 чарчы метрди түзөт.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM