Биз менен байланышыңыз

Villa V Club ресторанында өрт чыкты

Кыска кабар | 25 Дек 2022 | 628 | 0

Бишкек шаарына жакын Орто-Сай айылындагы Villa V Club ресторанында бүгүн, 25-декабрда өрт чыгып, ӨКМдин өрт өчүрүү кызматы тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тилсиз жоо тууралуу саат 11лер чамасында кабар түшүп, өрт өчүрүүчү 3 бөлүм тыртылган. Кошумча Бишкек шаарынын Биринчи май районунан суу ташуучу унаа жөнөтүлдү.

Өрт 12лер чамасында чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Тилсиз жоодон жабыркаган жарандар жок.

Copyright © 2017 Maral FM