Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө турак жайдан өрт чыгып, эки сарайга жайылды

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 401 | 0

Өзгөн районунун Шоро-Башат айылындагы Бекташев көчөсүндө жайгашкан эки мал сарай жана бир үй толугу менен күйгөн. Ошондой эле коңшу жайгашкан дагы бир сарайга жайылган. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары «Маралга» билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрттүн келип чыгуусуна жаш балдардын саманга от коюусу себеп болгон.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 16:33тө чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иш чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM