Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан чек ара кызматынын бир аскери каза болду

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 468 | 0

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан Чек ара кызматынын бир аскери каза болуп, эки аскер жараат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жол кырсыгы кечээ, 23-июнда катталган.

Коюлган тапшырманы аткарууда үч аскер оор жүк ташуучу унаа менен жүк алып бара жатышкан. Жол кырсыгы Ысык-Көл облусунун Сөөк ашуусунда болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айдоочу башкара албай калып, унаа капталына оодарылып кеткен. Автоунаанын айдоочусу ооруканага жетпей жолдо каза болуп, эки аскер кызматкери ар кандай жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Орун алган окуя боюнча тиешелүү органдарга кабар берилип, жол кырсыгы боюнча териштирүү башталды. Кырсык катталган жерде тергөө тобу иш алып барып, себептерин жана жагдайларын тактап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM