Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө «Run the Silk road» эл аралык марафону башталды

Кыска кабар | 15 мая 2021 | 1092 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы иппадромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафонго старт берди.

Мамлекет башчысы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады.

Маалыматка ылайык, марафон ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында өткөрүлөт.

Иш-чарага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышат.

Жарыш 15-майда саат 8:00дө Чолпон-Ата ат майданында старт алды. Марафондун алкагында ар кандай аралыкка чуркоо пландаштырылууда: марафон — 42 км 195 метр, жарым марафон — 21 км 97 м, 10 км, 3 км, скандинавиялык басуу 3 км.

Ушул жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса, Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Кошумчалай кетсек, ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл XI эл аралык марафону эпидемиялык абалга байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Аталган иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттук иш-чаралардын планына ылайык, 2020-жылдын 2-майында өткөрүү пландалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM