Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 2752 | 1

28-29-июнь күндөрү президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу  Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты жарыялады. 

Сапар учурунда кандай маселелер талкууланары айтылган эмес. Бул Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти катары Тажикстанга жасаган биринчи сапары болуп саналат.

Мамлекет башчылары 30-апрелдеги телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жолугушуу жөнүндө макулдашкан. Андан кийин Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду эң ыңгайлуу учурда Тажикстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырган.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган. Чек арадагы абал 1-май күнү түштөн кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугуп, протоктол кабыл алышкандан кийин гана турукташкан.

28-29-30-апрелде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. Реанимацияда жаткан бейтаптар палатага которулуп, абалдары канааттандырарлык деп бааланууда. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды.

Максат айылын басып алуу кандай болгон? (айыл тургундарынын айтуусунда, видео)

1 пикир

1 пикир

  1. Токтосун Сыдыков

    24.06.2021 22:23

    Садыр мырза! Тажиктердин тынч элибизге кыргын салып,канча уй жай,канча имаратар бузулуп жок болду. Ушунун бардыгын билип,коруп туруп,кайра ошолорго кол куушуруп барганынээн жаман жорук бул ошолорго багвнуу,колго тушуп беруу деп эсептелет. Элдин сенден куткон умуту очот,баркын кетет,учунчалык жакшы иштерди аткарып келип эми тажиктердин колуна тушуп бергенин тап такыр орунсуз,элибиздин ишеничи кетип калат.БАРБА,БАРБА,БАРБА! Ушуну айтып жаткан 85 жаштагы эмгектин ардагери ТОКТОСУН СЫДЫКОВ. Ысыккол.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM