Биз менен байланышыңыз

Максат айылын басып алуу кандай болгон? (айыл тургундарынын айтуусунда, видео)

Саясат | 8 мая 2021 | 6574 | 0

Лейлек районуна караштуу Максат айылында 29-апрелде тынч жаткан элге тажик тараптан куралдуу кол салуу болду. Окуя болордон алдын айыл эли бейкапар өз тириликтери менен алектенип жүргөн. Айрымдары талаада, айрымдары үй тиричилигинде болсо, окуучулар мектепте, балдар бала бакчада эле. Баткен районунда 28-апрелде чек арада болгон окуяда Максаттын эли бир аз тынчсызданганы менен бирок «бир-эки ок атышуу менен кайра эле токтоп калса керек» деген үмүттө болушкан. Анткени чек арада дайыма чыр чыгып, кээде таш атышуу, бир-эки ок атышуу менен токтоп калчу.

Бирок бул жолку чыр өтө оор, массалык адам өлүмү, талап-тоноо жана бүтүндөй бир айылды өрттөө менен коштолду. Мындан сырткары тажик тарап оор аскердик техникаларын колдонгону белгилүү.

29-апрель саат 17:00 чамасында Максат айылынын тургундары Эски-Оочу айылына качышкан. Айыл башчысы айылдын ватсап группасына: «Коопсуздукка ишенич жок. Бала-чакаларды алып, төмөнкү айылдарды карай жыла бергиле», — деген үн жазуу жөнөткөн. Бул тууралуу айыл тургуну, 6 баланын энеси Айнагүл Досматова айтып берди.

«29-апрелде Ак-Сай тарапта уруш башталган экен, ошого мектептеги балдарыма жооп берген экен. Андан соң айыл башчыбыз: «Балдарды алып жыла бергиле, ишенич жок», — деп айтыптыр. Жолдошум 2 үй-бүлөнү Кулундуга жеткирип, анан үчүнчү жолкусунда бизди Эски-Оочу айылына алып барды. 1-2 саат турганыбызда ал жакта да атыш башталып кетти. Ал жакта да тажиктер бар да. Ок атуулардын баары угулуп турат. Балдарым-кыздарым ыйлап, коркуп кетели дей беришти эле, анан Бешкент айылына кеттик. Түнү менен «Качан токтойт экен?» — деп күтүп отурдук. Анан тажиктер ар бир үйгө өрт коюп, биздин үйлөр кантип күйүп жатканын видеого тартып, биздин ватсап группаларга жөнөтүп башташты: «Мына кыргыздар көргүлө үйүңөрдү», — деп». 

Максат айылынын башчысы Кубатбек Нышановго ошол күнү саат 16:30дар чамасында аскердик бөлүктөн чалып, элди алып чыгып кетүү тапшырмасы берилген. Жашоочулардын акыркы бөлүгүн сай тарапка алып түшүп кетери менен Максат айылына тажик тараптан ок жаап баштаган.

«Мага аскердик бөлүктөн чалып, «Аке, өтүп келиңиз, бул жакта аскерлер көбөйүп кетти», — деди. Андан кийин бардым. Барсам, «Аке, тез кетип калыңыздар. Тажикстандын аскерлери көп болуп келди», — дешти. Карасам, чын эле көп экен. «Эмне кылуу керек?» — дедим. «Элди чыгарып кетүү керек», — дешти. Болжол менен саат 16:30 болчу. Келдим да Максат айылынын ватсап группасына бакырдым. Унаасы барлар унаасы менен чыгып кетти. Калганы калды. Аларды топтоп мен акыркысын алып чыгып кеттим. 17.00дө ок атуу башталды. Бирок эркектерибиз калган. Жалгыз гана аялдарыбыз менен бала-чакабыз чыгарылды. Атыш болуп жатканын көрүп турдук, бизди сайдын ичинен аскерлер чыгарган жок. Биз ок атуулар токтогонго чейин сайдын ичинде болдук. Биз коопсуз жерде турдук, бул жакта аскерлер атышып турду. Мен тажикче түшүнбөйм, түшүнгөндөр айтып атты, сөгүнүп жатат деп. Аны айтыштын кереги жок го дейм».

Максаттагы бөлүмдүн аскерлери эл чыгып кеткенче, жарым сааттай тирешкен, андан соң өздөрү да чегинүүгө аргасыз болушкан. Тажик тарап Максат айылындагы аскердик бөлүктү басып алгандан кийин айылды аралап ок атып, үйлөрдү тоноп, өрттөп башташкан.

Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин берген маалыматы боюнча үйлөргө кошулуп, 12 унаа да өрттөлгөн. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын айтымында, айрымдарынын унаалары уурдалса, айрымдарынын короодогу малы уурдалган. Нашымбай Камраевдин эки үйү толугу менен өрттөлүп, бир үйү чала күйүп, тонолуп, сарайларынын чатыры күйгөнү аз келгенсип, короосундагы «Opel Vectra» үлгүсүндөгү «998» номерлүү унаасын айдап чыгып кетишкен.

«Эң баалуу буюмдарды чыгарып кетишкен. Муздаткыч барбы, телевизор барбы, кир жуучу машина барбы, баарын алып кетишкен. Жер төлөдө коюлбаган бумдар бар болчу, аларды да тазалап кетиптир. Сарайда да төрт кочкор бар болчу, аларды да айдап кеткен. Айла жок отурабыз, унаамдын ичинде бардык документтерим бар болчу. Айдап кетиптир. Машинаны кантип айдап чыгасың, чыксаң эле атып атышса. Артка качканга туура келди. Эркектер үйдү таштап кете албайсың го, ошого үйдү коруп үйдө отурганбыз». 

Максат айылынын тургуну Бурулай апа төрт небереси жана келини менен Исфанага карай качканга туура келген. Алар үркүн башталганга чейин отура беришкен, ал тургай тажиктердин «бардыгын атабыз» дегенин да уккан.

«Токтоп калат  десек, эл кач-качка түштү. Бүт элдин баары ызылдап келе жатат. «Инжабе, атабыз, бардыгын атабыз» деп айтып атышат. Биз качкан сайын октун добушу менен өздөрүнүн сүйлөгөн сөзүн угуп турдук. Кантип эле уруксаты жок Кыргызстанга кирип келишет? Эмомали Рахмон мындай кылбашы керек болчу».

Максат айылындагы үй-тиричилик техникаларын саткан Райхан эже жол боюндагы дүкөнүндө жашынып отурганда телефонуна чалуу келип, тажик аскерлерине кармалып калган. Анын айтымында, кол салгандардын арасында сакалчандар, «куляптар» жана жергиликтүү тажик жарандары болгон. Ошондой эле алар бир канча тилде сүйлөшкөн.

«Мени түртмөлөп, «Где живешь?» — деди. «Чык бул жакка, азыр биз бул жерди өрттөйбүз», — деди. Бирөөсү: «Отпускай», — деди. Мамычага жеткенимде, кайра 10 чактысы чуркап барып, кармап келишти. «Где телефон?» — деп, дүкөнгө киргенден кийин телфондорумду алып, посттун алдына алып барышты. «Менин үйүм күйүп атат», — дедим, ошол жерде «времянкам» күйүп бүтүп калган экен. Мени тытмалай башташты, мен: «Коё бергиле, коё бергиле», — дедим. Анан булкунуп туруп качтым, кайра мына жерге келгенде кармалдым. Кайра сүйрөп келишти, мен дагы булкунуп качып, ошол биринчи үйгө чейин мени кубалап барып, акыры бирөөсү мени кое берди. Ошол учурда биздин коңшу тажиктер өздөрү граждандык кийимчен байракты көтөрүп алып, «Ураа, Ураа! Максат биздики», — деп бакырып атышты. Ушул жерде жашаган коңшулар да аралашканын өз көзүм менен көрдүм. Орусча да, өзбекче да, тажикче да өздөрүнүн тилинде сүйлөп жатышты. Бир бала өзбекче сүйлөдү. «Сен кабатырланба, сага үй салып берет, жүр сени догдурга текшертейин» деп мени алдайт. Кыйынчылык менен бошонуп, дөңгө карай качып чыгып кеттим. Ошону менен дөңдү аралап, эртең менен Аркага жеттим»

Максат айылында тажик тараптан атылган ок биринчилерден болуп Нурбек Бөрүбаевдин спринтерине тийген. Ал күндөгүдөй эле Исфана шаарынан Арка айылын көздөй жүргүнчүлөрдү ташып бараткан. Атылган ок унаанын сол тарабына тийип, бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Максат айылында 83 үй өрткө чалдыгып, бир жаран үйү менен кошо өрттөлүп каза болгон.

Мындан сырткары бир мектеп, бир бала бакча, бир ФАП, бир милициянын участкалык пункту, 2 дүкөн жана бир сарай өрттөлгөн.

Максат айылында 20 жылга жакын убакыттан бери жашаган Бурул Кудайбердиева чек ара чечилип, зым тартылбаса, Өкмөт кандай үй салбасын, пайдасы жок деп эсептейт. Анын айтымында, биринчи кезекте чек ара маселеси чечилиши керек.

Бирок 3-майда Максат эли менен болгон жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов зым азырынча тартылбай турганын, качан аныкталганда ошол замат башталарын билдирди.

«Зым боюнча азыр комиссия иштесин, биз аны баштасак, дагы бир нерсе башталбасын. Баары такталып, Жогорку Кеңештен ратификациядан өтсүн. Ошол бүткөн жерден чек араны тосуп баштайбыз».

28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланып, Максат айылында бир адам көз жумуп, 83 үй жана 10дон ашык мамлекеттик мекеме өрттөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM