Биз менен байланышыңыз

Максаты көп, бирок кылганы жок ЖККУ

Саясат | 17 Сен 2021 | 1689 | 0

16-сентябрда Тажикстандын борбору Душанбеде Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Анда президенттер аймактык коопсуздук жана эл аралык кызматташтык, Ооганстандагы кырдаалды жана бирикменин ишине байланыштуу маселелерди карашты. Жыйында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын позициясын билдирип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени жана ага карата ЖККУнун мамилесин айтты. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун бүгүнкү күндөгү орду кандай? Уюм өз милдеттерин толук аткарып жатабы? Бул суроолордун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Душанбе шаарында өткөн Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коопсуздук кеңешинин (ЖККУ) сессиясында президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени ортого салды. Ал аймактагы абалды эске алуу менен бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну айтты.

Жапаров белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун сакталып турушу кыргыз тарапты уюмга мүчө мамлекеттердин бул маселеге көңүлүн бурдуртууга милдеттендирет.

«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат. Өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясат жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат».

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму — Орусиянын демилгеси менен 1992-жылы Евразия мамлекеттери тарабынан түзүлгөн согуштук-саясий бирикме. Ага Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө болуп кирген. Келишимге ылайык, кол койгон тараптар ички-тышкы пикир келишпестиктерди тынч жол менен чечүүгө милдеттенме алышкан.

Милициянын ардагери, мурдагы депутат Туратбек Мадылбековдун айтымында, ЖККУ өзүнүн милдеттерин так, туура аткара албай жатат. Анткени буга чейин Армения менен Азербайжандын ортосунда болгон согушта да, андан кийин Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунда да үн катып койгон жок.

«Президент Садыр Жапаровдун айтканында эки нерсе бар. Биринчиси, Армения да ЖККУга мүчө мамлекет — өткөн жылы Армения менен Азербайжандын ортосундагы согушта эч кандай чара көрүлгөн жок. Экинчиси, коңшу мамлекет болгон Тажикстан эч себепсиз эле чек араны басып өтүп, курал-жарак менен кирип келди. Алардын кол салуусунан 36 жараныбыз каза болуп, бир канча жаран жарадар болуп, үйлөр өрттөлдү. Бир эле сааттык эмес, бир канча күнгө созулду. Бирок ошол учурда ЖККУнун төрагасы же мүчөлөрү: «Токтоткула, курал колдонбогула», — деп айтпай койду. Ошол жактан алып караганда ЖККУ өзүнүн милдетин так, туура аткара албай жатат десек болот. Уюм болгондон кийин ийне-жибине чейин сүйлөшүп, аткарышы керек. Эгерде аткарбай койсо, демек, кандайдыр бир чара көрүлүшү керек». 

ЖККУнун максаты: уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык-экономикалык мейкиндигин армиялардын жана жардамчы бөлүктөрдүн биргелешкен күчү менен тышкы согуштук-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, серепчи Аскар Бешимовдун баамында, бул жолку өткөн саммите Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ЖККУнун ичинде бирдиктүү ой-пикир жоктугу айдан ачык көрүнүп калды.

«Эмнеге дегенде, Ооганстанды басып алган талибдерди таануу, алар менен мамиле түзүү боюнча ар кандай ой-пикирде болуп жатышат. Дүйнө жүзүндө бир да өлкө талибдердин бийлигин тааный элек. Бирок ошол эле учурда Орусия, Өзбекстан, кандайдыр бир деңгээлде Казакстан алар менен мамиле түзүүдө байкоо жүргүзүп жатат. Бирок Тажикстан караманча каршы. Талибдерге өздөрүнүн талаптарын, шарттарын койду. Бул деген — бирдиктүү күн тартибинин жоктугу. Бүгүнкү күндө ЖККУнун аракети өлкөлөрдү бир пикирге алып келүү болчу, бирок Душанбеде ал каралган жок. Жетишкендиги: «НАТОнун куралуу күчтөрү болобу, аскерлери болобу, ЖККУнун өлкөлөрүнүн аймагынан өтпөсүн» деген тыюу салынды». 

Бүгүнкү күндө Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму Ооганстандагы кырдаал боюнча эч кандай чечим кабыл ала элек, тагыраагы, бирдиктүү иш алып баруу боюнча оозеки билдирүү, машыгуу өткөзүү гана жүрүүдө. Айткандарынын ишке ашар-ашпасы азырынча белгисиз. Учурда ЖККУ Ооганстандагы кырдаал боюнча сырттан байкоочу гана болуп алган сыяктуу.

Эл аралык мамилелер жана коопсуздук маселеси боюнча серепчи Искендер Ормон уулу ЖККУ түзүлгөндөн бери бирдиктүү аскерий уюмга окшошо албаганын белгилейт.

«Керек болсо ал жерде өздөрүнүн арасында мамилелер так эмес экени, ич ара конфликттерге мамиле кандай боло турганы да так эместиги көрүндү. ЖККУ теория түрүндө чоң максаттар айтылса да, натыйжада практикалык түрдө өтө чоң күчкө айлана албай турганын кабыл алышыбыз керек. Бул эми негизинен Орусиянын демилгеси менен аскерий жана саясий маңызы көбүрөөк болгон бир уюм болуп курулган. Аны кабыл алып, анын негизинде ал жерде бизге окшогон өлкөлөрдүн салымы өтө олуттуу деп айтуу кыйын. Бул жерде доминант өлкө Орусия болгондуктан, ошол өлкөнүн айтканы эле болуп келе жатат десек болот. Орусиянын колдонгон уюму деп айтсак деле болот. Бул уюм Тажикстан менен болгон окуяда деле ошону көрсөттү. Эч кандай конфликтти токтото турган, чече турган, мындан ары алдын ала турган пикир да, кадамдар да болгон жок». 

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коопсуздук кеңешинин келерки жыйыны 2022-жылдын күз айларында Арменияда өтөт. 16-сентябрда Тажикстан төрагалык милдетти Арменияга өткөрүп берди.

Copyright © 2017 Maral FM