Биз менен байланышыңыз

Бүгүн президент Садыр Жапаров Душанбеге барат

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 512 | 0

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышат. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

16-сентябрда, Тажикстандын төрагалыгында өтүүчү Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердигинин негизги жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашат. Ошондой эле алдыда Армениянын ЖККУдагы төрагалыгы мезгилиндеги уюм ишмердигинин алгылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты угушат.

Жыйынтыктоочу декларацияга, ошондой эле уюмдун ишмердик маселелерин жөнгө салган 13 документке кол коюлат.

Андан соң 17-сентябрда Тажикстандын төрагалыгында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

ШКУ отурумунун күн тартиби ШКУнун 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.

Бул отурумдун жыйынтыгы боюнча ШКУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик декларацияны кабыл алуу пландалууда, ошондой эле уюмга тиешелүү 30дан ашуун документке, анын ичинде ШКУнун жаңы башкы катчысын дайындоо тууралуу чечимге кол коюлары күтүлүүдө.

Ооганстанда болуп жаткан окуяларга, ошондой эле чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгына байланыштуу президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын Ооганстандагы кырдаал боюнча жолугушуусуна катышат. Ошондой эле саммит талааларында эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM