Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Орусияда каза болгон 13 жаранын алып келди

Кыска кабар | 25 мая 2020 | 900 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чет өлкөдөгү жарандарын мекенине этабы менен кайтаруу жөнүндөгү буйругунун аткарылышынын негизинде, 25-май күнү эртең менен Орусияда каза болгон Тажикстандын 13 жаранынын сөөгү жана 237 жараны Москвадан Душанбеге алынып келди.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кайтып келген жарандардын 197си Орусиянын  чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайларында болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM