Биз менен байланышыңыз

Президенттерди ташыган учактар (фото)

Блог , Дүйнө | 19 Дек 2022 | 5883 | 0

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатканын билдирди. Учурда эки компаниянын учагы каралууда. Алар Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот.

«Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн  эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катарга болгон бүгүнкү иш сапары дагы» , — деди ал.

Өлкө башчы буга чейин жеке учак менен бир нече жолу чет өлкөгө учуп келгени социалдык тармактар аркылуу белгилүү болгон жана коомдо сынга кабылган.

Президенттерди ташыган №1-борт эскиргени жана аны алмаштыруу зарылдыгы айтылып келген. Ту-154 учагын Кыргызстанга 16 жыл мурун Орусиянын президенти Владимир Путин белек катары берген.

Image result for ТУ-154М (борт № 1) жээнбеков

Бул талкуунун фонунда биз кошуна өлкө башчыларынын учактарына көз чаптырдык.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2019-жылдын август айында жаңылаган Boeing 787-800 Dreamliner үлгүсүндөгү учакты колдонот. Буга чейин Мирзиёев Airbus A320 жана Boeing 767-300ER учактарын колдонгон.

Казакстанда өкмөт жана мамлекет башчыларын ташыган улуттук компанияга таандык 4 учагы бар. Бул өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев иш сапарында колдонгон Airbus A321-211 (cj) үлгүсүндөгү аба кемеси.

Андан көп өтпөй эле Бишкекке Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жоомарт Токаевдин учагы конду. Ал президент катары чет өлкөгө жасалган алгачкы иш сапары Кыргызстанга болду. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Казакстандын өкмөт жана мамлекет башчыларын ташыган улуттук компанияга таандык төрт учагы бар. Токаев бул сапарында Airbus A321-211(CJ) үлгүсүндөгү аба кемесин пайдаланган.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жеке учагы ири держава башчыларынын авиаташыгычтарына кошулуп, номур биринчи борттордун катарына кирет. Анын учагы 250 миллион долларга бааланат.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон бюджетти үнөмдөө максатында жеке учак сатып алуудан баш тарткан. Рахмон көбүнчө жеке компаниялардын кызматын колдонуп келет.

Акыркы болуп 14-июнда эртең менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Аны да премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп чыкты. Ал Somon Air компаниясына таандык Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учак менен келип конду. Тажик президентинин маалымат кызматынын айтымында, Рахмон жеке учак сатып алуудан баш тартып келет, себеби бул мамлекетти кошумча чыгымга учуратат.

Белоруссия президенти Александр Лукашенко Boeing 767-300 учагын колдонот. Бул аба кемесин 2012-жылы Түркмөнстандын президентинен 124 миллион долларга сатып алган.

Түштөн кийин президенттер биринин артынан бири келип жатты. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учагы келип конду. Белоруссиянын башчысын аэропорттон премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алды.

Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга Mongolian Airlines компаниясынын Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учагын колдонот.

Чет элдик коноктордун эң алды болуп шаршемби күнү эртең менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Манас аба майданына келип түштү. Ал президент катары расмий сапары менен Кыргызстанга биринчи жолу келүүдө. Халтмаагийн Баттулга Mongolian Airlines компаниясынын Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учагы менен келген. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Түркмөнстан лидери Гурбангулы Бердымухамедов мурдагы өлкө башчынын учагын сатып, өзүнө Боинг 777-200 алган. Мындай үлгү жүргүнчүлөрдү узактыкка ташуу рекордуна ээ. 20 миң километрден алыстыкка уча алат. (Ашхабад менен Бишкек аралыгында 7 ирет келип кете алат).

Прилет президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в Москву


Борбордук Азиянын президенттери кандай унааларда жүрүшөт?


Copyright © 2017 Maral FM