Биз менен байланышыңыз

Борбордук Азиянын президенттери кандай унааларда жүрүшөт?

Блог | 17 Фев 2019 | 3231 | 0

Негизи, көпчүлүк адамдар жашоосунда президент болууну кыялданышат. Бирок баары эле президент боло бербейт. Айрыкча, Борбор Азияда президент болуу өтө кыйынга турат. Анткени бул аймактагы президенттер ондогон жылдардан бери бийликтен кетише элек.

Албетте, мындай мартабалуу кызматтагы адамдардын үй-жайы, унаасы да өзүнчө кеп кыла турган тема. Мындан улам бул жолкусунда Борбор Азиянын президенттери кандай унаада жүрөт жана алардын баасын канча экенине кызыгып көрдүк. Төмөндө kaktakto.com  сайты жарыялаган макаланын котормосун сунуштайбыз:

Казакстан

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев акыркы жылдары Германиянын өндүрүшүнө таандык Mercedes-Benz S600 Pullman Guard, жана Maybach 62 унааларын колдонуп жүрөт.

Mercedes-Benz S600 Pullman Guard

Баасы:  $170 000 башталат

Бул моделдеги унааны бир гана Назарбаев эмес, көпчүлүк президенттер жактырат. Алардын арасында Орусия президенти Владимир Путин да бар. Бул брондолгон лимузиндин өзгөчөлүгү күтүүсүз куралдуу кол салууга туруштук бере алгандыгында деп айтып келишүүдө. Жада калса, 15 кг тротилдик эквиваленттеги жардыргыч затка да туруштук бериши мүмкүн. Pullman Guard моделинин айнектери да поликарбонаттан жасалып, сыртынан да ичинен да коргоочу сапатка ээ. Мындан сырткары унаанын артынан боло турган куралдуу кол салууга каршы да атайын тосмо жайгаштырылган.

Maybach 62

Баасы: $115 000 башталат

Нурсултан Абишевичти Maybach 62 унаасы менен да көп көрөбүз. Бул автоунаанын үстү жагы айнек менен жабылган. Бир эле кыймылдаткычынын көлөмү 5,5 литр деп айтылат. Ошондой эле 550 аттын күчүнө барабар.

Ар бир Maybach 62 унаасы ар бир кардардын жеке буюртмасы менен жасалат. Анда анын ички декорун дагы кардардын табитине жараша өндүрүшөт.

Кыргызстан

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков W221 кузовундагы Mercedes-Benz S600 унаасын колдонот. Унаанын кубаттуулугу 517 аттын күчүнө барабар.

Mercedes-Benz S600 W221

Баасы:  $100 000 башталат

BMW 760 Li High Security

Баасы: $99 000 башталат

Кыргызстандын президентинин дагы бир унаасы BMW 760 Li High Security. Бул унааны Орусия 2013-жылдагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү иштерине байланыштуу белек кылган.

BMW унаасынын бул моделинин өзгөчөлүгү өтө жогорку деңгээлде коопсуз жана айнектери да ар түрдүү кол салууларга каршы тура алат. Салондун ичи да коопсуздук эрежелерине төп келип, айдоочунун бут жагында да атайын коргоочу тосмолор орнотулган.

Тажикстан

Эмомали Рахмон да башка кесиптештери сыяктуу эле Mercedes-Benz 600 Pullman W220 унаасын тандаган.

Түркмөнстан

Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн кымбат баалуу нерселерге болгон жакындыгы менен көпчүлүктөн айырмаланып турат. Ал бир гана жылкынын асыл тукумдарына эмес, унаанын да эң кымбаттарына кызыгат. Ал башка кесиптештеринен айырмаланып Bugatti Veyron унаасы менен эл көзүнө көрүнгөн эле. Ал дүйнөдөгү өтө ылдам жүргөн унаалардын бири болуп саналат. Бул унаанын баасын айтканда Mercedes-Benz 600 Pullman W220 унаалары тыйынга арзыбай калат.

Bugatti Veyron

Баасы: $2 500 000

Өзбекстан

Коңшу өлкөнүн жаңы тарыхындагы экинчи президент Шавкат Мирзиёев жергиликтүү өндүрүштөгү унааларга болгон “сүйүүсү” менен башка кошуналарынан өзгөчөлөнүп турат. Албетте, мамлекетке таандык болгон унаалардан сырткары Мирзиёев өз өлкөсүндө өндүрүлгөн  Chevrolet Malibu унаасында жүргөндү жактырат. Өзбек президенти эс алуу күндөрү  Malibu айдап шаар кыдырарын айткан жайы да бар. Бул унаанын өзгөчөлүгү баасында. Анткени мындай унааны орто катмардагы адамдар да сатып ала алышат.

Chevrolet Malibu

Баасы:  $30 000

 

Борбор Азия президенттерин ташыган учактар (фото)

Copyright © 2017 Maral FM