Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев соттолгон 215 адамга мунапыс берди

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 523 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Жазасын өтөп жаткан, кылган ишине чын жүрөктөн өкүнгөн жана туура жолго түшкөн адамдардын тобуна ырайым кылуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, жазасын өтөп жаткан 215 жаранга мунапыс берилди.

Кечирилгендердин ичинен 3 адам жазаны өтөөдөн толугу менен бошотулду, 127 адам шарттуу түрдө жаза өтөөдөн бошотулду, 12 адамга берилген оор жаза жеңил түрүнө алмаштырылды. Мындан тышкары 73 адамга карата жаза мөөнөтү кыскартылды.

Мунапыс берилгендердин ичинен 14 аял жана 12 эркек 60 жаштан ашкандар, 69 адам чет мамлекеттин жараны, 15 адам болсо ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдардын ишине катышкандар.

Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында жооптуу министрликтерге жана ведомстволорго мунапыс берилген адамдарды коомго аралашууга жардам берүү, пайдалуу ишке тартуу, сергек жашоо образын тандоо жана коомдо татыктуу ордун табуу тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM