Биз менен байланышыңыз

Оштогу № 5 тергөө абагында 4 керебетте 7 туткун кармалууда

Без рубрики , Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 1099 | 0

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 6-сентябрда Оштогу №5 тергөө изоляторуна атайын иш сапар менен барышты.

Борбордун өкүлдөрү Ош шаарындагы, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларынан которулуп келген туткундар менен аңгемелешкен.

Биринчи режимдик имараттын №26 камерасында туткундарды жайгаштыруунун чеги сакталган эмес. 7 туткунга төрт керебет бөлүштүрүлгөн. Мындан тышкары, камеранын аянты «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесинде көрсөтүлгөн аянт ченемине туура келбейт.

Экинчи режимдик мекеменин №31 камерасында да адамдар көп. 6 керебетте 8 адам жатат, бул мыйзамга каршы келет.

Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери акт түзүшүп, Жаза аткаруу кызматынын №25 мекемесиндеги мыйзам бузуулар боюнча иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылуу жөнөтүштү.

Copyright © 2017 Maral FM