Биз менен байланышыңыз

Адвокат Равшан Жээнбековду абактан бошотууну суранды

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 390 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, башкы айыпталуучу сотко алып келинген жок. Кой-таш окуясы боюнча башкы айыпталуучулардын бири, мурунку президент Алмазбек Атамбаев камерадан чыгуудан баш тарткан.

Ошондой эле, Кой-Таш окуясына байланыштуу камакка алынган Равшан Жээнбековдун маселеси да сотто каралды. «Мыйзамга ылайык, айыпталуучуга акыркы өкүмү жок бир жылдан ашык камакта кармоого тыюу салынат. Равшан Жээнбеков бир жылдан ашык убакыттан бери камакта, мындай учурда анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүшү керек», — деди анын адвокаты Замир Жоошев.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жана анын башка санаалаштары менен бирге Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM