Ушул жылдын октябрынан тарта Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери Чүй облусундагы түзөтүү колонияларын кыдыра баштаган. Мындан тышкары Акыйкатчы институнун өкүлдөрү аймактардагы психоневрологиялык мекемелерде жана балдар үйлөрүндө болду. Бул жолугушууларда «Бир дүйнө Кыргызстан» улуттук кыймылы сырттан тартылган эксперт катары катышты. Серепчилер аталган мекемелердин жетекчилеринин КОВИД-19 илдетине карата жасаган иш-аракеттерин жана мекемелердин санитардык-медициналык шарттарын баалады. Жыйынтыгында мамлекеттик органдарга сунуштарды камтыган отчет даярдалды.
Акыйкатчы институнун өкүлдөрү менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин катышуусунда өткөн превентивдик сапарлардын жыйынтыгында аныкталгандай, 2 психоневрологиялык социалдык-стационардык мекеме тиешелүү жеке коргонуу каражаттары жана медикаменттер менен камсыз болгон эмес. Коронавирус менен күрөшүү үчүн акча каражаты бөлүнбөй, маселе жаралган. Мындан сырткары, стоматологиялык кызмат көрсөтүү жетишсиз. Жеке гигиеналык каражаттар, коляскалар керек. Ошондой эле эмеректерди, төшөнчү-жамынчыларын жаңыртуу талабы бар, жылыткычтар эскирген. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун үй-бүлө, аялдар жана балдар укугу бөлүмүнүн кызматкери Умида Абылгазиева маалымдады.
— 3 жатак мектепти, 1 балдар үйүн жана төрт жеке балдар мекемесин кыдырып, абалы менен тааныштык. Буларда коргонуу каражаттары бар, бирок баары толук камсыздалган эмес. Окуучулар арасында COVID-19 катталган эмес. Жатак мектептин балдарынын көпчүлүгү — жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары, жарым жетимдер. Андыктан кээ бир балдар окубай калышы ыктымал. Кызматкерлердин балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн учурлары катталган эмес.
Кыйноолорду алдын алуу борбору «Бир дүйнө Кыргызстан» улуттук кыймылынын эксперттери менен бирге Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы 2 убактылуу кармоочу жайдын жана 4 колониянын абалы менен жеринен таанышып, мекеменин коронавируска каршы күрөшүүгө даярдыктарынын деңгээли, адам укуктарынын сакталышы, медициналык жардамдын жана коронавирустун алдын алуу жөнүндө маалыматты билер-билбеси боюнча сурамжылоо жүргүздү.
Кыйноолорду алдын алуу борборунун Чүй облусу боюнча жетекчиси Гүлбарчын Ормонбекова билдиргендей, тергөө абактарында, түзөтүү мекемелеринде жерге төшөмө килемчелер колдонулган. Бирок Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму мунун ден соолукка зыян экенин эскертип, алып салууну сунуштаган. Көптөгөн түзөтүү мекемелеринде коронавирус жана аны алдын алуу ыкмалары жөнүндө маалымат оозеки айтылган.
— № 1 СИЗОдо тергөөдөгүлөр тазалоо символикалуу жүргөнүн кабарлашты. Андыктан хлор алып, камераларды өз алдынча тазалоо үчүн арыз жазууга туура келген. Өмүр бою эркиндигинен ажырагандардын камераларынын биринде соттолгондордун өздөрү дезинфекция жүргүзүүгө уруксат беришкен эмес. Жеке коргонуучу жана залалсыздандыруучу каражаттарды ЖАМК тарабынан, атайын эсептен алышкан. Ошентсе да, илдеттин экинчи толкуну болуп калса, дээрлик бардык мекемелер беткап, респиратор, дезинфекциялоочу каражат, антисептик, дары-дармектерге муктаж. № 19 түзөтүү колониясындагылар COVID-19 массалык түрдө жукканын билдиришти. Миңден ашуун бейтап пневмония симптомдору менен кайрылган. 6 адам пневмониядан каза тапкан. Жууркандар өтө кейиштүү абалда, камераларда бүргө чагат, түнкүсүн суук болору айтылды.
Маалыматка ылайык, Абактарда ПЦР-тест алынган эмес. ЖАМКнын борбордук стационардык-медициналык мекемесинде атайын медиктер жетишпейт. Дары-дармектер да тартыш. Мекемелер мамлекеттик кепилдик программасын колдоно алышпайт.
Ал эми эксперт Бермет Барыктабасова превентивдик сапар жүргүзүлгөн мекемелерде эмгектенген медицина кызматкерлеринин абалына токтолду. Анын айтымында, ЖАМК системасындагы медициналык кызматкерлерге коронавирустун биринчи толкунундагы иштери үчүн компенсациялык төлөмдөр жана сыйлыктар төлөнгөн эмес.
— Медиктер башкалардай эле иштешти, бирок ФОМС менен келишимдин жоктугуна байланыштуу медкызматкерлерге бериле турган бардык артыкчылыктардан, кошумча эсептөөлөрдөн, жеңилдиктерден куру калышкан. Кызыл крест уюмунун колдоосу менен термометр, беткап, респиратор, пульсоксиметр алышкан. 2 психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеде мажбур түрдө эмдөө жүргүзүлүп, алардын арасында оорулары өтүшүп кеткендер көп жана олуттуу абалда болгон. Мындай эмдөөлөргө тыюу салуу керек. Коомчулук билсе, эл аралык жаңжал чыгышы мүмкүн.
Өкмөткө, министрликтерге жана тиешелүү мекемелерге коронавируска каршы күрөш, медициналык жардам алуу укугунун камсыздалышы, соттолгондордун укуктарын коргоо жана башка багыттарда бир катар сунуштамалар берилди.
Пандемия Кыргызстанда адам укугу боюнча көп маселелер чечилбегенин, жабык мекемелер өтө оор абалда экенин айгинелеп койду. Тилекке каршы, бүгүн айтылып жаткан көйгөйлөр мындан 10-15 жыл мурда да айтылып келген. Көпчүлүк учурда көз жаздымда калып турган маселелер эми калкып чыгууда. Бул учурунда чечилбесе, келечекте абал мындан да оорлойт. Алсак, Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемеси мүмкүн болушунча жагдайларды ачык-айкын айтышы керек. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди.
Ал мамлекеттик органдардан айтылган сунуштар тез арада иш-чара планына киргизип, аракетке өтүшүн өтүнүп, жабык мекемелердеги маселелер чечилбесе, өлкөдө инвестициялык өң өзгөрбөй турганын кошумчалады.
— Тилекке каршы, көп сунуштар кайра кайталанып келе жатат. Себеби аткарылбайт. Маселен, «Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайлардын бири да талаптарга жооп бербейт. СИЗОдо канализация иштебейт» деген маалыматтар келип жатат. Маселелер акырындык менен чечилүүдө, бирок жетишсиз. Бүгүн да мамлекеттик деңгээлде чечилүүнү талап кылган ири көйгөйлөр бар. Биринчи тергөө изоляторун түп тамыры менен жок кылып, бүгүнкү талаптарга ылайыкташтырып, жаңысын куруу зарыл. Кыйноолорго карата биз берген фактылар боюнча тергөөнү УКМК жүргүзөт. Бирок өткөн жылы бир да кызматкер жоопко тартылган жок. Жүздөн ашык фактынын экөө гана сотко жетип, калганы бүт жабылды.
Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мекемелер боюнча айтылган жагдайлар апыртылганын, алдыда расмий кайрылуу кыларын билдирди.
Айта кетсек, иш-чара АКШ элчилигинин Демократиялык комиссиясынын чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынып, улуттук укуктук институттар, бийлик органдары жана жарандык коом уюмдары тармагы менен кызматташтыкта ишке ашырылууда.