Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге эки берене боюнча айып тагылды

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 2348 | 0

Мурдагы президент Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев эки берене боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

«Канат Сагымбаев экөөбүз ИИМдин тергөө кызматына кирип чыктык. Ага эки берене боюнча айып угузулду. Алар «9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында массалык башаламандык уюштурган» жана «ошол эле күнү бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган» деген шек менен айыптап жатышат» ,- деди Жоошев.

Ал коюлган айыптарга макул эмес экендиктерин билдирди.

Замир Жоошевдин айтымында, Канат Сагымбаев өткөн жылдын 6-октябрында таңга маал соттун чечими менен СИЗОдон үй камагына чыгарылган. «Ала-Тоо» аянтында да элди биримдикке жана тынчтанууга чакырып жүргөн.

Буга чейин Канат Сагымбаевге Кой-Таш окуясына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 4-беренеси менен иш козголгон болчу.

Copyright © 2017 Maral FM