Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБ боюнча сот иши адвокаттын айынан үзгүлтүккө учурады

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 585 | 0

Бишкек шаардык сотунда Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча сот иши жактоочунун айынан үзгүлтүккө учурады.

Буга айыпталуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев түшкү тамактануудан кийин процесске келбей калганы себеп болду.

Бүгүн Бишкек ЖЭБдин сот иши боюнча айыпталуучулар− экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, экс-министрлер Ольга Лаврова, Осмонбек Артыкбаев жана тийиштүү мекемелердин башчылары Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловдун үстүнөн сот иши уланды.

Отурумга төрагалык кылуучу судья Ирина Воронцова айыпталуучуларды суракка алып жаткан.

Түшкү тыныгуудан кийин айыпталуучу Сапар Исаковдун кызыкчылыгын жактап жаткан Замир Жоошев эч кандай эскертүүсүз эле отурумга келбей койду.

Судья Воронцова соттук коллегия процессти кийинкиге жылдыруу жана жактоочунун үстүнөн адвокатурага кайрылуу зарыл деп эсептээрин  белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM