Биз менен байланышыңыз

УКМК: Атамбаевдин абалы канааттандырарлык

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 968 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы канааттандырарлык. Ал түнү-күнү дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматта айтылат.

Учурда мурдагы президент ден соолугу боюнча эч кандай даттанган эмес.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев анын абалы начарлаганын билдирген.

Жактоочу Атамбаевдин абалы өзгөчө абал режими учурунда эле эмес, өткөн жылдын сентябрь айынан бери начар экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM