Биз менен байланышыңыз

Гепатит күч алып баратканы тынчсыздануу жаратууда

Ден соолук , Коом | 18 Апр 2022 | 5161 | 0

Гепатит дартынын оор  түрүнө чалдыккандар учурда 100 миң адамга миң адам туура келет. Адистердин айтымында, мунун алдын алуу чаралары көрүлбөсө, 2040-жылы каза болгондордун саны ВИЧ, кургак учуктан эки эсе өсүп кетүү коркунучу бар. Гепатит көбүнчө тиш дарылоочу жайлардан, чачтарач жана сулуулук салондорунан жугат. Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алат. Аны дарылоо узак убакытты талап кылат.

Бишкектеги №6 тиш дарылоо клиникасынын башкы дарыгери Ренат Мааланбай уулу гепатит эмнеден пайда болорун айтып берди.

«Гепатит башка вирустардай болуп, жугар замат билинбейт. Бир жыл же андан да көп убакыт өтүп кеткен соң гана оорунун симптомдору байкала баштайт. Бул учурда бейтаптар кайсы жерден, качан жуктуруп алганын билбей да калат. Өкүнүчтүүсү, вирусту алып жүргөн убагында башкаларга да жугузуп койгону болот. Оору кандай жол менен жугат?

  • А гепатити: Вирус түшүп калган сууну, тамак-ашты ичүү; жуулбаган колдор менен тамактануу; ооруган адамдын заңы, кусундусу жугуп калган буюмдарды колдонуу; бирөөнүн оозундагы сагызды, момпосуйду соруу. Мындан вирустун курч ичеги жарасы пайда болот. Бул ооруну «кир колдордун оорусу» деп да аташат.
  • B гепатити: Кан аркылуу жугат. Эненин организминде өөрчүп жаткан оору төрөлгөн балага жугат же түйүлдүккө жыныстык жол менен (сейрек) жугат.
  • С гепатити: Организмге вирусу бар кан аркылуу ооруну алып жүрүүчү жыныстык өнөктөштөн (4%дан көп эмес) жугат.
  • D гепатити: В сарыгынын коштоп жүрүүчүсүнө булганган кан менен байланышта болгондо жугат; жыныстык мамиледен азыраак жугат; ымыркай жатындан жугузуп төрөлөт.
  •  E гепатити: Эгер адам дааратканага баргандан кийин колун таза жуубай туруп, арыктан же ачык калган идиштен суу ичсе, организмге кирет. Эгер аял кош бойлуу кезинде гепатиттин Е түрүнө чалдыкса, ымыркай өлүү түшүшү мүмкүн. 
  • G гепатити: Сарыктын коркунучтуу С түрүнө аябай окшош. Вирус жуккан кан аркылуу тарашы мүмкүн, жыныстык катнаш аркылуу азыраак жугат. Төрөлүп жаткан ымыркайга жугушу мүмкүн».

Дарыгер кошумчалагандай, жеке клиникаларда көзөмөл аз болгондуктан оорунун күчөшүнүн бирден бир себеби болууда.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги боорду жабыркаткан гепатит оорусунун оор деген «В» жана «С» түрлөрүнүн 85%ы байкалбай турганын, бирок оорулуу адам башкаларга жугузуп жүрө берерин билдирген.

Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан жеке клиникалар текшерүүдөн өтүп жатат. Бишкек шаары боюнча 70 стоматологиялык клиника, кеңсе текшерилди, алардын 19унун медициналык иш жүргүзүүгө уруксаты жок экени аныкталды. Аларга калктын саламаттыгын сактоо мыйзамдарын бузганы үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү протокол түзүлүп, укук коргоо органдары тарабынан мыйзамга ылайык чаралар көрүлүүдө.

2020-жылы өлкөдө жугуштуу гепатит 4 миң 805 адамдан аныкталса, 2019-жылы 6 миң 600 кишиден табылган. Дарыгерлер гепатиттин «В» түрүнө кабылгандар жүздөп-миңдеп санала турганын айтышып, аны жапырт эмдөө жүргүзүү аркылуу алдын алса болорун белгилешет.

Статистикалык маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө 170 миллиондой адам өнөкөт гепатит С менен ооруйт. Бейтаптар жыл сайын болжолдуу 4 миллионго көбөйүп жүрүп отурат. Бирок оорунун жайылышы бардык өлкөдө бирдей эмес.

Copyright © 2017 Maral FM