Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын 70%ы — эмгекке жарамдуу кишилер

Дабагер , Ден соолук , Коом | 24 Мар 2022 | 3013 | 0

Жыл сайын 24-мартта Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленет. Учурда жер жүзүндө 9 миллиондон ашуун адам бул илдеттен жабыркайт. Кыргызстан кургак учуктун оор түрү менен катталган 30 өлкөнүн катарына кирет. Өлкөдө жыл сайын жүз миңдеген адам бул ооруга чалдыгып, басымдуу бөлүгү оор түрүнөн жабыркайт. Алардын дээрлик 99%ы — аба аркылуу жугузгандар. Бул күнгө байланыштуу Бишкекте Саламаттыкты сактоо министрлиги менен USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун жетекчилери атайын маалымат жыйын өткөрүштү. 

Бишкек шаарынын тургуну Курманжан учурда 26 жашта. 2013-2014-жылдары кургак учукка чалдыгып, толук дарыланып чыккан. Бирок 2020-жылы төрөгөндөн кийин кайра ооруган. Учурда жаңы долбоордун негизинде үй шартында дарыланып жатат. Ал кургак учуктун дарылоо курсун толук алууга, кайдыгер болбоого чакырат.

«Учурда да дарыланып жаткан кезим. Сасык тумоо менен ооруп, андан соң өпкөгө өтүп, күчөп кеткен. Дарыгерлер азырынча төрөгөнгө болбойт деп айтышкан. Тилекке каршы, маани бербей коюптурмун. Кызым сегиз айлык болгондо кайра ооруканага жатып калдым. Бул оорунун айынан жашоодо кыйынчылыктар болду. Тааныштар, жакындар арасында оорукчан деп обочолонуп да калдым. Жолдошум менен да ажыраштым. Бирок кайра дарыланууну такай улантып, жолдошум менен келишпестик чечилди. «Болду, жакшы болуп калдым» деп таштап койбостон, аягына чейин дарылануу керек. Убагында дарыланып, дарыгердин көзөмөлүндө болбосо, кайдыгерликтин айынан каза болгондорду да көрдүм». 

Кыргызстан кургак учуктун оор түрү менен катталган 30 өлкөнүн катарына кирет. Аны дарылоо эки жылга чейин созулушу мүмкүн. Адистер бейтапка өз убагында диагноз коюп, толук дарыласа, кургак учуктун жайылышын токтотууга мүмкүн болорун айтышат.

2021-жылдын статистикалык маалыматына караганда, өлкөдө 3825 адам кургак учук оорусу менен катталган. Бул көрсөткүч 2020-жылга караганда 200 учурга көп. Бирок кургак учук өсүп жатат деп кооптонууга негиз жок, тескерисинче, оору ачыкталып, байкалып турганы анын алдын алууга жана өз убагында дарыланууга жол ачат. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова айтты.

«Бизге кайрылган бейтап сөзсүз түрдө эки жума стационардык дарылануудан өтөт. Элге жукпаса, жабык түрү болсо, үй шартында дарыланууга кетирилет. Былтыркы жылы 700 бейтап амблатордук дарылануудан толук айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан үй-бүлөлүк дарыгелер, бейтаптарга амбулатордук дарыланууга өтүү керектигин түшүндүрүп, маалымат берип келебиз. Себеби бейтапка 5-6 айлап ооруканага жатуу оор болот. Үй шартында  дарыланса болот, албетте, дарыгердин көзөмөлүндө». 

Кургак учук илдетин аныктоодо, дарылоодо министрликке эл аралык уюмдар көмөктөшөт. Алардын бири — USAID. Аталган уюм беш жылдык долбоор баштаган. Ал элге маалымат жеткирүүгө багытталганын долбоордун адиси Чолпон Ибраимова айтты.

«Биздин долбоор 2019-жылдан бери иштейт. Тилеккке каршы, кургак учук менен ооруган адамдын басмырлоого кабылган учурлары бар. Эл ичинде туура эмес маалымат аябай көп. Мисалы, «кургак учук менен ооруган адам дарыланса да, дарыланбаса да жугуштуу болот; кургак учук тукум кууйт; кургак учук менен ооруган адамдар начар жашайт» деген сыяктуу чындыкка коошпогон пикирлер орун алып келет. Аларга түшүндүрүү жана маалымат жеткирүү жаатында иштер жүргүзүлүп жатат».

«Кургак учук бейтаптын колдонгон буюмдары аркылуу жугат, жанына жолобоо керек» деген сыяктуу туура эмес пикирлер арбын. Мындан улам оорукчан деген басмырлоого кабылбоо үчүн оорусун айтпай жашыргандар же дарылануудан баш тарткандар кездешет. Бул тууралуу «Билге» долбоорунун жетекчиси Зарыл Алымбекова айтты. Алар USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келишет.

«2021-жылдын сентябрь айынан башталган бул долбоорго медициналык академиянын, улуттук университеттин, «Манас» университетинин студенттерин ыктыярчы катары кабыл алганбыз. Аларга семинар өткөрүлгөн. «Кургак учук деген эмне? Кантип дарыланууга болот? Алгачкы белгилери кандай?» деген өңдүү суроолордун тегерегинде окутуулар болгон. Мектептерге жана жогорку окуу жайларга түшүндүрүү, маалымат таратуу иштери жүргүзүлдү. Иликтөөдө шаарга караганда, айылдарда кургак учукка чалдыккандар алда канча көп экенин, бирок маалыматы аз экенин байкадык. Эл арасында кодулоо жана басмырлоо болуп келет. Мындан улам дарыланбай койгондор да бар».

Кургак учук дүйнөдөгү эң коркунучтуу илдеттердин бири бойдон калууда. Күн сайын 28 миңге чукул адам кургак учукка кабылып, 4 миңден ашуун бейтап көз жумат. 2000-жылдан бери кургак учук менен күрөшүү боюнча глобалдык аракеттер 66 миллиондой адамдын өмүрүн сактап калган.

Кургак учуктун негизги белгиси катары эки аптадан ашкан тынымсыз жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү эсептелет. Илдет аба аркылуу, ооруган адамдын какырыгы, шилекейи аркылуу жугат. Ооруга чалдыккан адам сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануудан өтүшү керек.

Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын 70%ы — жаштар.

Copyright © 2017 Maral FM