Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү медборборлордун дээрлик көпчүлүгү талапка жооп бербеси тастыкталды

Ден соолук , Коом | 19 Апр 2022 | 5244 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке медициналык борборлордун ишмердиги, санитардык абалы боюнча атайын рейддерди өткөрүүдө. Бүгүн, 19-апрелде бир катар медициналык борборлор текшерүүгө алынды. Буга чейин жеке менчик 70тей стоматологиялык борбор текшерилип, алардын 19унун лицензиясы жок экени аныкталган. Расмий түрдө 400дөн ашык медициналык мекеме бар. Алардын 300дөн ашууну легалдуу эмес, мыйзамсыз иштээри айтылган.

Беловодск айыл өкмөтүндөгү «Кортекс» неврологиялык борбору санитардык талапка жооп бербейт, дарыгерлер атайын квалификацияны жогорулатуучу курстардан өткөн эмес, өтсө да ченемде каралган сааттар толук эмес. Анан калса, көбүндө тастыктама да жок.

Кийинки сапар Кара-Балта шаарындагы  «Ден Соолук» медициналык борборуна жасалды. Анда борбордун кесиби дерматолог жетекчиси мыйзамсыз түрдө «үй-бүлөлүк дарыгер» деген лицензия алып алганы белгилүү болду. Анын арты менен легалдуу эмес иштеп, жеке клиниканы бизнес жайга айлантканы тастыкталды.

Ал эми Кара-Балта шаарындагы «Медик» медициналык борбору текшерүү келердин астында кабинеттерди жаап, эшигин бекитип кетип калган. Издөө иштеринен майнап чыккан жок.

«СеннаМед» медициналык борборунун Новопавловка айыл өкмөтүндөгү филиалы педиатрия жаатында иш жүргүзүп, «хижама» да жасап келет. Текшерүү учурунда санитардык талаптар сактабаганы аныкталды. Мындан сырткары бейтаптарды кабыл алуу боюнча каттоо журналы жок экени жана кассалык көзөмөл аппараты коюлбаганы да белгилүү болду.

Беловодск айыл өкмөтүндөгү » Умай Клиника» медборбору текшерүү келерин билип, ичинен жаап алышкан. Терезеден байкоо салып, гинекология тармагында иш жүргүзөрүн аңдап билдик. Бирок ачтырууга болгон аракеттен майнап чыккан жок.


Беловодск айыл өкмөтүндөгү «Карапуз» медициналык борбору мектеп жашына чейинки балдарды да окутуп келерин билдик. Бирок санитардык талаптарга таптакыр сакталган эмес. Мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек да сатылат.

Copyright © 2017 Maral FM