Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзүндө каза тапкандардын 70%ын жугуштуу эмес ооруга чалдыккандар түзөрүн билдирди. Ал эми Кыргызстанда мындай өлүм учурлары 80% экени белгиленип келет. Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөргөн жыйында акыркы жылдары 70 жашка жетпей көз жумгандар көбөйө баштаганы айтылды. Жугуштуу эмес оорулардын негизги факторлору тамеки чегүү, алкоголду ашыкча колдонуу, туура эмес тамактануу, аз кыймыл, экологиялык жана экономикалык жагдай болуп саналат.
Кыргызстанда башка өлкөлөрдөгүдөй эле жугуштуу эмес оорулар майыптардын санын көбөйтүп, эрте өлүмдүн негизги себеби болууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева айтты.
Бул маселе глобалдуу болуп саналат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча инсульт, рак, кант диабети жана өпкөнүн өнөкөт оорулары дүйнө жүзүндөгү өлүмдөрдүн дээрлик 70%ын түзөт. Мындан каза болгон 16 миллион адамдын 82%ы Кыргызстан сыяктуу аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө катталат.
«Жугуштуу эмес оорулардын өсүшү биринчи кезекте төрт негизги факторго байланыштуу: тамеки чегүү, аз кыймыл, алкоголду ашыкча колдонуу, туура эмес тамактануу. Жугуштуу эмес оорулар ден соолукка олуттуу зыян келтирүүдөн тышкары өтө олуттуу социалдык-экономикалык чыгымга да учуратат».
Өткөн жылдын аягында 2022-2025-жылдарга Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар планы талкууланган. Анда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда ден соолук мектептерин уюштуруу, калкка өзүнө кам көрүү жаатында маалымат берүү сунуштары айтылган.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун айтымында, калктын 50%ы жүрөк-кан тамыр, кан басым ооруларынан каза болуп жатат. Тамекиден жылына 6 миңдей адам көз жумат. Бул көрсөткүчтөр өтө кооптуу. Министрдин орун басары жугуштуу эмес оорулардын толук алдын алса болорун эскертип, жашоо образын өзгөртүп, анын ичинде көп кыймылдап, туура тамактанып, зыяндуу адаттардан арылуу керектигин кошумчалады.
«Химиялык консерванттар, жыт бергичтер, боёктор, канцероген начар сиңирилген транс майлар, кофеин, даам күчөтүүчү заттар (натрий глутоматы), ГМО кошулмалары бар азыктарды көп колдонуп, балдарыбыздын ден соолугуна зыян келтирип жатабыз. Зыяндуу тамак-аш көптөгөн өнөкөт ооруларга алып келет: диабет, гастрит, ашыкча салмак, жүрөк-кан тамыр ооруларына, зат алмашуунун бузулушуна, иммунитеттин төмөндөшүнө, залалдуу шишиктердин пайда болушуна жана муун, сөөк ооруларына, организмдеги пайдалуу элементтерди жууп кетишине жеткирет».
Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу — Саламаттыкты сактоо министрлигинин гана эмес, жалпы мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Мындай пикирин Президенттин администрациясынын бөлүм башчысы Жетиген Бакиров билдирди. Ал ооруган адам экономикага салым кошо албайт, саламаттыгы чың адам гана жакшы иштей алат деген пикирде.
«Адам канчалык ооруган сайын ишине болгон жөндөмү төмөндөйт. Муну мамлекетке гана эмес, бизнеске да түшүндүрүү керек. Алар мекеменин жумушу натыйжалуу, өндүрүмү жогору болушу үчүн колунда иштегендердин ден соолугуна акча сарптоого кызыкдар болушу керек. Мисалы, учурунда медициналык тейлөөдөн өткөрүп, дене тарбияга шарттарды түзүп берген жакшы. Кызматкерлер ооруп, жумуштан калгандан көрө оорунун алдын алуу керек».
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда негизинен жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, кант диабети, респиратордук оорулар көп катталат. Айрыкча, мунун ичинен жүрөк-кан тамыр илдетине чалдыккандар басымдуу бөлүгүн түзөт.
Жугуштуу эмес ооруларды дарылоого сарпталган каражат ички дүң өндүрүмдүн 3,9%ына барабар экени айтылып келет. Болжолдо бул илдеттен арылтуу үчүн жыл сайын 3 млрд сомдун тегерегинде каражат жумшалат.