Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «универсал медайым» долбоору иштей баштады

Ден соолук , Коом | 5 Апр 2022 | 4079 | 0

Коронавирус пандемиясы учурунда «кызыл тилкеде» иштеген медайымдар мурункудай өз тармагына гана жоопкер болбостон, шартка жараша баарын жасоого мажбур эле. Бул медайымга керектүү бардык ишти билген адистерге зарылчылык бар экенин сездирип, Саламаттыкты сактоо министрлиги 2021-жылдан тарта «Универсал медайым» долбоорун киргизген. Мындагы максат ооруканага түшкөн бейтапка ар тараптан сапаттуу жардам көрсөтүү болуп саналат. 

Алгач «кызыл тилкелерде» башталган «Универсал медайым» долбоору эми көптөгөн ооруканаларга, айталы, Бишкектеги Улуттук госпиталга, Жугуштуу оорулар клиникасына, №1 ооруканага, Ош шаардык клиникалык ооруканасына да киргизилип, мекемелердин катары жаңыча ыкмада иштеген медайымдар менен толукталды.

Медайым адистер ассоциациясынын төрайымы Айзат Асанованын айтымында, долбоор боюнча ар бир медайымга белгилүү сандагы бейтап дайындалат. Ал бейтап ооруканага киргенден чыкканга чейинки бардык процедураны көзөмөлдөйт.

«Долбоордун максаты: медайымдын ишин оптималдаштыруу, коопсуздук жана сапат жагынан жакшыртуу. «Универсал медайым» долбоору Саламаттыкты сактоо министрлигинин иишмердиги менен кеңейүүдө. Мындагы медайымдын иши: бейтаптын ден соолугуна көз салуу, абалын байкоо, көйгөйүн каттоо. Керек учурда тез медициналык жардам көрсөткөндү да билүүсү зарыл. Ар бир медайым өз алдынча иштегенди үйрөнүп, анын натыйжасын баалоого жөндөм алат». 

Долбоор боюнча негизги басым бейтапка жасалат. Анда медайымдар процедуралык, кийинтүүчү жана палаталык кызматкерлердин да милдетин аркалап, бейтаптын саламаттыгына көз салып, анын абалын баалайт, өзгөрүүлөрдү жазып алат жана көйгөйлөрдү аныктайт. Зарыл болгон учурда тез жардам көрсөтүп, диагноз да коё билиши керек.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын башкы дарыгеринин медайымдардын ишин кароо боюнча орун басары Айнек Калдыбаева учурда долбоордун алкагында медайымдарды окутууда. Анын айтымында, «Универсал медайым» долбоору экинчи жолу уюштурулууда. Алгачкы этапта 45 медайым окуудан өтсө, учурда 90 медайым окуп жатат.

«Буга чейин медайым процедуралык, палаталык жана жараат таңуу бөлүмүнүн медайымы деген сыяктуу болуп бөлүнүп, ар кимиси өз милдетин гана аткарып келсе, жаңы моделдеги медайымдын көңүл чордонунда конкретүү бейтап тургандыктан, алар бейтаптын физикалык, психикалык абалын баалап, ага жараша кам көрүүнү аткарып, дарыгерге көп жакшы жардам көрсөтө алат».

Дарыгер Жакут Орозалиева универсал медайымдын милдети тууралуу айтты. Мисалы, ал физиологиялык, психологиялык жана социалдык көрсөткүчтөрдү каттайт, аларды иштеп чыгат жана оорунун деңгээлин, тобокелдик факторлорун комплекстүү баалайт, бейтаптын көйгөйлөрүн аныктайт.

Медайымдын жаңы функционалдык милдети, иш жүгү кайра каралып, иштелип чыккан.

«Ар бир медайымдын карамагына 8-10 бейтап, ал эми интенсивдүү палатага 3 бейтап бекитилген. Ар бир бейтапка медайым дарыгер менен тыгыз байланышта болуп, толугу менен медайымдык асыроону көрсөтүп иштеп жатат. Мисалы, медикаменттик дарылоо, тамактандыруу, укалоо, гигиеналык процедураларды аткаруу жана оорулардын алдын алууну жарандарга үйрөтүү ыкмалары эсептелет».

Долбоор USAIDдин «COVID-19 маалында саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү» программасынын колдоосу менен ишке ашууда. Азыркы тапта 90го жакын медицина кызматкери «универсал медайым» катары ишин баштады.

Copyright © 2017 Maral FM