Кыргызстанда ооруканаларды оптимизациялоо иштери жүрүп жатат. Мунун негизинде айрым ооруканалар бириктирилсе, айрымдарынын түзүмүнө өзгөртүү киргизилүүдө.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ооруканаларды оптимизациялоо өкмөттүн «Дени сак адам — өнүккөн өлкө» аттуу беш жылдык программасынын алкагында жүргүзүлөрүн айткан. Ага ылайык, аймактык кургак учукка каршы ооруканалар менен мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун аймактык бөлүмдөрү бириктирилет. Бирок медицина кызматкерлери өз ордунда эле калат.
Медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги өзгөчө Баткен облусунда көбүрөөк. Маселен, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында адистер 47 гана пайыз.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев түзүмдү кайра иштеп чыгуунун жүрүшүндө жогорудагы көйгөйлөр эске алынарын, андыктан бир дагы медайым же врач кыскартылбасын билдирди.
«Жаңылоо киргизүүдө баштапкы медициналык мекемелерге артыкчылык берилет: бейтапканаларга, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, ФАПтарга. Поликлиникаларда күндүзгү стационарларды ачуу пландалууда. Андан ары райондор аралык жана облустук ооруканалар түзүлүп, ал жакта адистештирилген жардам көрсөтүлөт. Учурда бейтаптар мындай кызматтарды алуу үчүн Ош же Бишкекке барып убара болуп келишет. Андыктан бул — карапайым элге да, медкызматкерге да ыңгайлуу. Кошумчалап кетчү жагдай, «алыс, шарт жок, маянасы аз» деп, аймактарга жаш адистер келбейт. Аны да жакшыртуу максатында депозитик дарыгер программасы иштелип чыккан. Анда 45 жашка чейинки жогорку окуу жайды бүткөн адистер аймактарга тартылат».
Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагында 356 уюм бар. Алардын 49у үй-бүлөлүк медицина борбору, 17си үй-бүлөлүк врачтардын тобу, 135и стационар, жетөө облустук оорукана, 40ы райондук оорукана, 29у жалпы дарыгерлер тажрыйба борбору, 50сү коомдук саламаттык сактоо уюму.
Бул кыскартуулар негизинен кургак учукка каршы ооруканаларда жүргүзүлүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраеванын айтымында, өлкөдө жалпы 19 кургак учукка каршы оорукана болсо, анын сегизи түштүк аймакта жайгашкан. Алардын ишине анализ жүргүзүлүп, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Ноокат райондорундагы бейтапканаларды кыскартуу чечими чыккан. Калган ооруканалардагы керебеттер биригип жатат.
«Ооруканалардагы койканын өзүнүн саны, көрсөткүчтөрү бар. Ал планды аткарбай келет. Анткени оорулар бул мекемелерге келбейт. Бишкекке же облустук ооруканаларга кетип калат. Керебеттер бош калат мындай учурда. Оптимизациядан үнөмдөлгөн каражат башка инфраструктураны оңдогонго, же дары -дармекке, же заманбап жабдуу сатып берген жумшалат. Бирок медкызматкерлер толук кандуу кызмат ордунда калат».
Оптимизациядан кийин Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борбору 135 койкага, Ош шаардык кургак учукка каршы балдар ооруканасы 70 койкага, Кара-Суу кургак учукка каршы ооруканасы 40 койкага кыскартылды. Бул тууралуу Ош облустук кургак учукка күрөшү борборунун жетекчиси Кылычбек Исламов билдирди.
Өзгөн жана Ноокатта кургак учукка каршы ооруканалар жоюлуп, алардын имараттарынын базасында жугуштуу оорулар бөлүмдөрү ачылат. Бул кургак учук оорусун кескин төмөндөгөнүн билдирет. Кургак учук оорусу 2000-жылга салыштырмалуу үч эсеге азайса, ал эми өлүмдүн саны сегиз пайызга азайган.
«Кургак учук айрыкча мигранттар арасында көп кездешет. Ош облусунда 2008-2021-жылга карата 1058 кургак учукка чалдыккан жаран катталса, алардын 192син мигранттар түзгөн. Бул — абсолюттук сандар. Туруктуу формасы коркунучтуураак болгону үчүн өлүмгө чейин алып барат; толук дарыланып бүтпөгөн адамдан башкаларга да жугушу мүмкүн. Дарыгерлер андыктан бул илдетти дарылоодо адамдардын маалыматка ээ болушу өтө маанилүү дешет. Өзү айыгып, башкаларга да жуктурбашы үчүн дарыланууну аягына чыгарышы керек».
Ал эми Баткен облусунда кургак учук каршы дарыланып чыккан бейтапка дем берүү максатында туруктуу формасына 24 миң сомдон, сезимтал формасына 12 миң сомдон төлөнө баштады. Себеби көпчүлүк бул ооруга маани бербей, дарыланууну жарым калтырат. Бул тууралуу облустагы кургак учукка каршы оорукананын жетекчиси Жеңишбек Шарипов билдирди.
Дарыгер эң көп ооругандар мигранттар арасында катталарын кошумчалады. Орусия жана Казакстанда иштеп келген жарандардын арасында кургак учукка кабылгандар көп чыгат. Кыргызстанда болсо, кант диабети менен ооруган бейтаптар бат чалдыгат, алардын 70%ы эмгек курагындагылар.
«Учурда Баткен шаарында он беш оорулуу дарыланып жатат. Ооруканалардын толбогону чын. 2020-жылы Баткен облусунда 250 бейтап болсо, 2021-жылы 259 бейтап катталган. Азыркы күндө дарылоо системасы жакшырды. Оорулууну чектеп койбошубуз керек. Жугушсуз формага өтүп, абалы жакшыргандан кийин, бейтап үй-бүлөсү менен болуп эле мурдагы жумушун кылып, дарылануусун да уланта берет. Кургак учук таякчалары абадан жугат дегенибиз менен, ачык түрүн алып жүргөн оорулуу жабык имараттын ичинде 6-7 сааттан ашык бирге болгондо гана жугат. Иммунитети төмөн адамдарда өөрчүп кетет. Андыктан сергек жашоо образына өтүп, тамеки, алкоголь, баңгизаттан алыс болушубуз керек. Кургак учук тууралуу маалымат алып, кайдыгер карабоо керек. Эки аптадан ашык жөтөлсө, айрыкча түнкүсүн көп тердесе, тамакка табити жоголсо жана тездик менен салмагы азайса, дарыгерге кайрылышы керек. Азыр кургак учук менен амбулатордук түрдө дарылануу ыкмалары бар. Дарылардын да жаңылары чыккандыктан аны жеңүү кыйла оңой болуп калды. Ал эми туруктуу түрүн алты айдан эки жылга чейин ооруканада жаткырып, айыктырса болот».
Дүйнөлүк статистикага таянып айтсак, кургак учукка чалдыккандар 13%га, көз жумгандар 26%га азайган. Анткен менен айрым өлкөлөрдө ооругандар азайса, айрым мамлекеттерде тескерисинче, көп каттала баштаган.
Кургак учук адамдын өмүрүнө өтө кооптуу 10 дарттын катарына кирет. 2017-жылы дүйнөдө 10 млн адам ооруган болсо, анын 1,6 миллиону каза тапкан. 2000-жылдан 2017-жылга чейинки дүйнөлүк статистикада бул илдетке чалдыккандар 54 млн адамга кыскарганы айтылат.