Биз менен байланышыңыз

10 жылда Кыргызстанда кант диабети менен ооругандардын саны эки эсе өстү

Блог , Кыска кабар | 17 Авг 2023 | 480 | 0

Акыркы 10 жылда Кыргызстанда кант диабети менен ооругандардын саны эки эсеге өстү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

«Жыл санап кант диабетине чалдыккандардын саны өсүүдө. 2021-жылдын эсебинде 73миң адам катталган, тилекке каршы, бул сан эки эсе көп болушу мүмкүн. Себеби кант диабети көп учурда билинбей өтөт. Адам алгачкы учурларда оорусу бар экенин билбей жүрө берип өтүшүп кеткенде гана келип катталып калат», — деп айтылат маалыматта.

Бул кандагы канттын жогорку деңгээлде мүнөздөлгөн өнөкөт оору. Кант диабетке чалдыккан адам өзүн туура алып жүрбөсө, дарыгердин берген көрсөтмөлөрүн так аткарбаса оорунун андан ары күчөп кетүүсүн шарттайт. Бул көз, жүрөк, буттун кан тамырларына таасирин тийгизет.

Чүй облусунун башкы эндокринологу Гульдана Джолчиева кант диабети оору эмес, жаңы жашоо деп эсептейт. Ал бул оору негизи эле адам аткарыш керек болгон режимди кылбай жүргөн нерселерден улам пайда болоорун айтты. Кант диабетин көзөмөлдөп, туура тамактануу, сергек жашоо аркылуу кадимкидей жашоого мүмкүн.

Ооруунун белгилери кант диабеттин түрүнө жараша болот:

Биринчи типте 35 жашка чейинки жаштарда көбүрөөк кездешет. Бул типтеги кант диабетинде оорунун белгилери тезирээк жана даана билинет. Биринчи ирет адам өтө суусайт, бат-бат заара кылып баштайт. Тамака болгон табит ачылат ошентсе дагы арыктап, алсырай баштайт.

Негизи адам энергия алып туруш керек, аны болсо тамак аштан алат. Аны клеткаларга жеткирүү кызматын инсулин аткарат. 1-типте уйку без инсулин чыгарбай калат. Инсулин чыкпай калса клеткага глюкоза менен камсыздалбай калат.

Экинчи типте болсо, уйку безде инсулиндин кору бар. Бирок, адамдын клеткалары инсулинди тааныбай калат. 45 жаштан жогоркулар көбүрөөк чалдыгат. Көп учурда узак убакытка чейин оорунун белгилери билинбеши мүмкүн. Бейтаптар башка оорулар менен келип изилдөөдөн өткөндө кант диабети бар экени белгилүү болот.

Copyright © 2017 Maral FM