Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчынын аппараты: Атамбаевдин акыркы учурларда кан басымы төмөндөп жатат

Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 726 | 0

Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү кечээ, 20-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына барып, Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Атамбаевдин айтымында, акыркы учурларда кан басымы төмөндөп, медицина кызматкерлерине кайрылууга мажбур болуп жатат.

Ошондой эле, жолугушууда башка көйгөйлөр да айтылып, Акыйкатчынын аппараты тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев анын абалы начарлап кеткенин билдирген болчу.

Ал эми УКМК анын абалы туруктуу экенин маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM