Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жогорку Сотто Азиз Батукаевдин иши кайра каралат

Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 645 | 0

Бүгүн, 17-январь саат 15:00дө Жогорку Сот Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталуучуларды кайра карайт. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев «Фейсбук» баракчасына жазды.

Буга чейин «Батукаев иши» боюнча Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Сот аны Кылмыш кодексинин 319-беренеси («коррупция») менен күнөөлүү деп тапкан.

Замир Жоошевдин айтымында, «Батукаев ишин» юридикалык жагынан да, саясий жагынан да алып караганда Алмазбек Атамбаевке айып тагуунун өзү — тарыхый ката. Бийликтин максаты Атамбаевди камоо гана болгон.

«Бул иш боюнча 14 киши аргасыздан тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, жазык иши үчүн маанисиз көрсөтмөлөрдү беришкен. Мындан улам ал көрсөтмөлөр Атамбаевге коррупция беренеси боюнча тагылган айыптоого негиз болуп бере алган эмес. Анткени 14 кишинин бири да «Атамбаев коррупцияга барган, Батукаевден же анын жакындарынан пара алган» деп көрсөткөн эмес жана көрсөтө да албайт. Көпчүлүгү СИЗОдо отуруп, анан айла жоктон тергөө менен келишим түзгөн. Мисалы, Аида Салянова 73 күн СИЗОдо отургандан кийин тергөө менен келишим түзүп, эркиндикке бошотулган. ИИМдин имаратынан чыгары менен: «Мен коррупция жасаган эмесмин», — деп «Фейсбукка» пост жазган. Мыйзамга ылайык күнөөсүн мойнуна албаган айыпталуучу менен келишим түзүлбөйт. Албетте бул көрүнүш да тергөө мыйзамсыз жүргүзүлгөнүнүн, адамдар аргасыз абалда калганынын бир мисалы. Калган келишим түзгөндөрдүн дээрлик баары сот тарабынан коррупция беренеси боюнча айыптуу деп табылып, аз өлчөмдөгү айып пулга жыгылган», — деп жазган Жоошев.

2020-жылы 30-ноябрда Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу Атамбаевге козголгон иш боюнча мурдагы инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, материалдарды Бишкектин Биринчи май райондук сотунун кайра кароосуна жөнөткөн. Башкы прокуратура бул токтомду жокко чыгарып, мурдагы чечимди күчүндө калтырууну өтүнгөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаев Кыргызстанда бир канча берене боюнча соттолуп, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган болчу. 2013-жылы ал «айыккыс илдетке кабылды» деген негизде түрмөдөн чыгарылып, Орусияга учуп кеткен.

Батукаев түрмөдөн негизсиз бошотулган деген жүйө менен бул иш 2019-жылы кайрадан карала баштаган. Анда кылмышка тиешеси бар делип бир канча чиновникке иш козголгон. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да сот жообуна тартылып, ага 11 жыл абак жазасы белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM