Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев пневмония оорусунан айыкты

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 1064 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев пневмония оорусунан айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, анын абалы канааттандырарлык.

Дарыгерлердин кеңешмеси өтүп, анын жыйынтыгы менен Атамбаевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына которуу чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталып, ал эми ПЧР-тесттин жыйынтыгында коронавирус тастыкталган эмес. Ал Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында (атайын оорукана) дарыланды.

Copyright © 2017 Maral FM