Биз менен байланышыңыз

АКСтин жоюлушу соттук-укуктук реформага болгон кадамбы?

Саясат | 25 Июн 2021 | 4850 | 0

Президент Садыр Жапаров 23-июнда ишкерлер менен болгон жолугушууда УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жакында жоюларын билдирген. Бүгүн, 25-июнда президент «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматын жоюу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин карамагындагы эң маанилүү кызматтардын бири эле. Муну менен Камчыбек Ташиев таасиринен кол жууйбу? Же бул реформаларга карай жасалган кадамбы? Аталган суроолордун алкагында алдыда кененирээк кеп кылабыз. 

Эск-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 14-октябрда отставкага кетер алдында Антикоррупциялык кызматты жоюу жөнүндө жарлык чыгарган эле. Жарлык президенттин сайтына эмес, кол коюлгандан эки күндөн кийин «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган. Жээнбеков убагында бул кызматтын өзү коррупцияга малынып калганын белгилеген.

Андан кийин президенттикке келген Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ал документ күчүн жоготкон. Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин кайра 16-октябрда жанданткан. Бирок президент Садыр Жапаров 23-июнда АКС жакында жоюларын билдирди.

Президент Садыр Жапаров Финансы полициясы да көптөгөн даттануулардан кийин жоюлганын айтып, укук коргоо органдарынын ишкерлерди ашыкча текшергенин сындады.

«Бул бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт. Ушундан улам Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул кадам бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадамдардын бири болгон. Аталган кадамдарды улай жакынкы күндөрдүн ичинде УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлат. Бул боюнча тийиштүү жарлык даярдалып жатат».

Коррупцияга каршы кызматтын жоюлушун саясий эксперт Айданбек Акматов эки тараптуу кароого болот деп эсептейт. Биринчиси, Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы тиреш, тактап айтканда, Ташиевдин ыйгарым укуктарын азайтуу; экинчиси, АКС бийликтин саясий оппоненттерине каршы куралга айланып, коррупцияга каршы күрөштүн өтөсүнө чыккан эмес, тагыраагы, өзү коррупциялык органга айланып калган.

«Себеби, ошол маалда бажы жана башка системаларында коррупция ушунчалык гүлдөп, журналисттер иликтеп, таап айткан күндө да, коррупцияга каршы кызмат «төө көрдүңбү, жок, бээ көрдүңбү, жок» деген абалда отурган. Негизи мыйзамдар жакшы иштебеген, соттор көз каранды болгон өлкөдө ушундай органдардын саясий куралга айланып кетүүсү турган эле иш болчу. Эми коррупцияга каршы күрөштү ким жүргүзөт? Мамлекет өзүнүн бюджеттеги акчаларын эсеп палатасы жана Башкы прокуратура аркылуу көзөмөлдөп алганга болот. Жемкорлук аябай күчөгөн өлкөлөрдө мамлекеттин бийлигинен  көз карандысыз, өзүнчө антикоррупциялык кызматтар түзүлөт. Дээрлик сот системасындай эле эч кимге көз карандысыз болбойт. Бирок мыйзам чегинде аткарган иштери бар. Мисалы, Украинада ошондой аракеттер жасалып келе жатат. Тилекке каршы, андан деле натыйжа чыкканы байкала элек. Тескерисинче, коррупциясы күчөп, түзгөн органдар өздөрү коррупциялык элементке айланып кеткен учурлар көп. Бизде да антикоррупциялык кызмат көбүнчө өзү коррупциялык органга айланып, саясий оппонеттерди жазалоо, демин басуу жана кандайдыр бир басым көрсөтүүнүн куралы болуп калды».

УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат 2011-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев «коррупция фактыларын жана коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо» максатында түзгөн. Аталган кызмат ошол учурда эле туура эмес жана мыйзамсыз түзүлүп калган деп эсептейт УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков. 

Анын пикиринде, УКМК аты айтып тургандай улуттук коопсуздук, чалгын жана контрчалгындык иштер менен алек болушу керек. Ал эми АКС өзүнчө башка уюм болуп, саясий буйрутмалары жок иш алып барышы шарт.

«Атамбаев өзү президент болуп турган убакта АКСти мыйзамсыз киргизип, түзүп койгон. Бирок, ачыгын айтканда, УКМКнын негизги иш алып баруусу — чалгындоо, контрчалгындоо, терроризмге каршы иштер болушу керек. Эми АКС президенттинби же Министрлер кабинетинин алдындабы, өзүнчө уюм катары түзүлүп, саясий негиздери жок, саясий буйрутмалары жок өзүнчө иш алып бара турган болсо, мамлекетке жаңы демилгелүү иштерди көргөзмөк. Канткен менен бүгүнкү күндө коррупциялык схемаларды түзгөн мамлекеттик чиновниктер аз эмес. Ошолор менен күрөшүүдө баары бир АКСке окшогон уюм керек. Себеби учурда жогорку деңгээлдеги чиновниктер кылмыш жасаган, мамлекетти тоноп качып кеткен жагынан алдыда туруп калды. Аларга катуу сокку урууда АКСтин өзүнчө башка уюм болуп турганы дагы эле керектүү деп эсептейм. Ошону менен бирге коррупцияга каршы күрөшүүдө УКМКнын астында маалыматтык-аналитикалык кызмат, мурун экономикалык коопсуздук деген өзүнчө бөлүм бар болчу, ошонун болушу да керек».

Коррупция менен күрөшүү кызматын түзүү менен катар соттук-укуктук реформаны да кошо жасап, адилеттүү чечимдерди кабыл алып, мыйзамдын үстөмдүгү туу тутулса, жемкорлук менен күрөшүүнүн жыйынтыгы чыгат. А эгерде андай кадамдар жасалбаса, анда өзүнчө түзүлгөн коррупцияга каршы күрөш деле азыркы эле АКСтин, азыркы эле УКМКнын, азыркы эле ИИМдин кейпин кийип калат. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

«Мен баштаган бир топ оппозициячыл саясатчылар УКМКны кескин реформалоо жөнүндө айтып келе жатабыз. Анын ичиндеги идеялардын бири сөзсүз түрдө коррупция менен күрөшүү кызматын өзүнчө бөлүп чыгып, же өкмөттүн, же парламенттин, же президенттин алдында болсун деп байма-бай айтып келе жатабыз. Азыр чечим даярдалып жатканы туура кадам деп ойлойм, биз аны колдошубуз керек. УКМК маанилүү мамлекеттик кылмыштар менен алектениши керек да, коррупциялык маселелерге УКМКнын кийлигишпегени анын институт катары иштешине саясий багытта да туура болот. Коррупция менен күрөшүү кызматы түзүлүп, бирок ал да айланып келип саясий максатта эмес, ачык -айкын, мыйзамды туу туткан, реформаланган соттук-укуктук системанын алкагында иштеши керек. Эгерде жөн эле баса калып, мурдагыдай коркутуп-үркүтө берсе, андай кызматтын жыйынтыгы чыкпай калат».

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы былтыр бюджетке 116 млн сом кайтарганын Жогорку Кеңештин жыйынында айткан. Январь-февраль айларында аталган кызмат 3 млрд сом каражатты кайра бюджетке кайтарганы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM